Нарын шаарында «Карылар үйү» жабылды
Ачылганына туура 10 жыл болгондо Нарын шаарында орун алган «Карылар үйү» каалгасын жапты. Көрөр-багар жакындары жок, өз үйлөрүнө батпай калган карылар үчүн деп ачылган атайын бул жай негизи эки себептен улам жабылгандыгын ээлик кылуучулар белгилөөдө.
-Эмне эле муну сенсация кылып жатышат. 4 адам үчүн 6 киши иштеп жана чыгымдарды көбөйтүүнүн ордуна иштиктүү жумуш кылуу керек да,-деп билдирди Улуттук Кызыл ай коомунун (УКАК) Нарын өкүлчүлүгүнүн деректири Максат Жолдошбеков. Ал эми аталган өкүлчүлүктүн долбоорлор боюнча координатору Мунира Калиева 2005-жылы ачылган бул «Карылар үйү» 3 жыл долбоорлор аркылуу каржылангандыгын, андан бери УКАКтын каржылоосу менен иштеп келгендигин, жергиликтүү бийликтен колдоолор болбогондугун, электр кымбаттаганынан улам жылуулукка 180 миң сом чыгып келгендигин, натыйжада жабууга аргасыз болгондуктарын белгиледи.
-4 кары адам туугандарына, экөө Бишкек шаарына жөнөтүлдү,-дейт М.Калиева айым. Ал эми М.Жолдошбеков учурда бул имаратты Нарын шаарындагы «Кадам» реабилитациялык борборуна берүү караштырылып жаткандыгын айтат.
Маалыматтар боюнча 2005-жылдан бери бул үйдө жалпысы 78 адам жашашкан. Быйылкы жылы 6 гана адам калган экен.
Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев «Карылар үйдү» жабууга өздөрүнүн эч тиешеси жоктугун, тескерисинче, мүмкүнчүлүккө жараша ар дайым колдоо көрсөтүп келгендиктерин билдирет.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply