свалка1

 2014-жыл ичинде Нарын шаарынан 25893 метр.куб таштанды чыгарылып, алар Карга-Жайлоо аймагына ташылып,  атайын бульдозер менен түрттүрүлүп, түздөлүп турат. Бул тууралуу «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчиси Билимбек Жакиев билдирди.

-Шаар 5 аймакка бөлүнгөн жана таштанды төгүлүүчү 225 жай бар. Алардын 210 жерине атайын үлгүдөгү 295 контейнерлер коюлган. Күнүнө 6 багыт боюнча 2-3төн рейс жасалып, таштандылар тазаланып турат. Бирок бизде көп кабаттуу үйлөр айланасында жана элдин маданиятынын жоктугунан кыйынчылыктар бар,-деди Б.Жакиев мырза. Мындай кинеге Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Эсентур Өмүралиев макул эмес.

-Азыркы учурда мүмкүнчүлүккө жараша шаарды тазалоого жергиликтүү бюджеттен акча берилип жатат. Бирок сапаты начар болууда. Же болбосо таштанды төгүлгөн жайлар толук таза алынбайт. Экинчиден ишканада аткаруучулук тартип жок болууда. Биз өз учурунда тиешелүү маалыматтарды ала албайбыз. Долбоор менен 5 чөлкөмгө 5 компьютер алынып келинген. Бирок айрымдары дагы деле иштебей чаң басып турат,-деген сын пикирин билдирди Э.Өмүралиев мырза.

Депутаттардын шаардык Кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев шаардын мүлдө жергиликтүү капчыгынын (бюджет) дээрлик 30 пайызы «Таза-Нарын» ишканасына бөлүнөөрүн белгиледи.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу