Нарын районунда топоздун башы 18 пайызга көбөйгөн
2015-жылдын 1-январына карата Нарын району боюнча мал каттоонун алгачкы жыйынтыктары чыгарылгандыгын аталган райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Карыбеков билдирди. Райондун башкы аграрниги 2014-жылда төрт түлүк малдын башы мурунку жылга караганда көбөйгөндүгүн кеп кылды.
-Мал санактын алдын ала чыгарылган маалыматы боюнча 32 222 миң мүйүздүү ири мал (МИМ), 4 122 топоз, 220 300 кой-эчки, 22 569 жылкы жана 28 214 канаттуу катталууда. Мурунку 2013-жылга караганда кой-эчки 1, канаттуу менен МИМ 3, жылкы 6 пайызга көбөйсө, топоз 18 пайызга же жыл ичинде 700 башка өсүш берген,-деди Н.Карыбеков мырза. Ал ошону менен катар мындан ары дыйкан-фермерлер малдын туягына эмес, пародалуулугуна көңүл бөлүүгө мезгил келди деп эсептейт.
-Биз кээде түшүнүп түшүнбөй эле малдын продуктуулулугу дей беребиз. Мисалы бир дыйкандын 5 эчкиси болсо, ал кайсы арына породага кызыкмак эле. Эми анын эчкиси жыйырмага жеткенде ал өзү эле тыбыт берген эчкилерди асыраганга кызыга баштайт да,-дейт Н.Карыбеков мырза.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply