нарында1

2018-жылдын 30-сентябрына чейин КРнын Нарын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында «Агро-Горизонт USAID» долбоору иштей баштагандыгын аталган долбоордун Нарын облусу боюнча менеджери Өткүлбек Шералиев Нарын шаарынан атайын отурум учурунда билдирди. Ал майда фермер жана кожолуктардан тарта айыл чарба азыктарын өндүрүүчү ири ишканаларга чейин катыша ала турган бул долбоор жашылча, жемиш, эт, сүт жана жумуртка өндүрүүчүлөр арасында жайылтылаарын шарданаланды. Ошону менен катар Ө.Шералиев мырза жалпы капчыгы 22 миллион АКШ долларын түзгөн береги долбоордун күтүлүүчү жыйынтыктарын дагы белгилеп өттү.

-Бул долбоор төрт облуста ишке ашырылып жаткандыктан улам акча каражат да облустарга тең 5,5 млн. доллардан бөлүнсө,-деген такилигин өкүл Аманбай Кайыпов келтирсе, Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Дүйшөнбек Шеримбеков учурда БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорлору облустун Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда ишке ашырылып жаткандыгын, ошондуктан бул долбоорду Нарын менен Кочкор районуна киргизүүнү сунуштады. Ал эми облустагы белгилүү ишкер Жамбы Карыбекова айым долбоорго жүндү иштетүүнү да киргизүүнү өтүндү.

-Биз эми ишти жаңы баштап жатабыз. Жакында Ош шаарында долбоордун бет ачаары болот. Ал эми сиздердин сунуштарды эске алалы. Бирок быйыл жогорудагы беш багыт боюнча гана иш атакарыла баштайт,-деп жооп кайтарды Ө.Шералиев мырза.

 

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын