машиналар1

Рыноктук мамилелерге өткөнүбүздөн бери ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө жараша бизнестин ар кандай түрлөрү менен шугулданып келет. Алардын бири чет өлкөлөрдөн эски жана жаңы машиналарды ташып келүү жана сатуу болуп саналат.

Кийинки кезде бизнестин бул түрү менен алектенгендердин саны да кескин түрдө өсүп, киреше табуунун жана баюунун бир булагына айланып калды десек да болот. Албетте алардын арасында бир-экиден машина айдап келип, эптеп үй-бүлөсүн багып жаткандары да бар экендигин тана албайбыз. Бирок жалаң гана машина ташып, сатуу менен иштеген фирмалар да жаандан кийинки козу карындай болуп жайнап кеткендигин жана бул жааттагы “аба ырайын” мына ушулар түзө тургандыгын көңүлдөн сырт калтырууга болбойт. Булар ай сайын 20-30, андан да көп жаөы машиналардын түрлөрүн бир нече чет мамлекеттерден тынымсыз ташып келишет. Айрыкча арзанына жана өтүмдүүлүгүнө карап биздеги жолдо жүрүү эрежелерине жана коопсуздукка туура келбесе да оң  рулдуу автомашиналарды күргүштөтүп алып келе беришип, бүгүнкү күндө өлкөнүн авто рыногу ушундай унааларга ашкере толуп чыкты. Эми ага чек коё же тыюу сала албай, ар кандай мыйзам долбоорлорун токуп келебиз. Мына эми мыйзам чегинде чечилип калды го деп турганыбызда эле бул өтө кирешелүү бизнестин өкүлдөрү уюша калып, митингге чыга калса эле бийлик чочулап, маселенин чечилишин белгисиз мөөнөткө нары жылдыра коюп келет. Учурда да ушундай көрүнүш кайталанып жатканына баарыбыз тең күбө болдук. 2015-жылдын 1-январынан тартып импорттук автомобилдердин бажы төлөмдөрү кескин жогорулап, жаңы тарифтик сеткага туш келишип, эми мурункудан беш эсеге көп төлөөгө туура келүүдө. Алсак кыймылдаткычынын күчү 2 куб болгон машина үчүн 800 АКШ долларын төлөп келсе, 1-январдан тартып 5000 доллар чыгарууга аргасыз болот. Албетте мындай жагдайда алар пайда көрмөк түгүл, күтүүсүз чыгымдарды тартышаары бышык. Бирок абал ушундай жагына ооп кетиши ыктымалдыгын алар эң жакшы билишкен. Не дегенде тээ өткөн жылдын жай айында эле өлкөбүз Бажы биримдигине кире тургандыгына байланыштуу импорттук машиналардын бажы төлөмдөрү акырындык менен көтөрүлө берээри жарыя кылынып, кийин чечим кабыл алынгандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Негизи мыйзамдарга, алардын талаптарына карата кайдыгер мамиле жасоо бизде көнүмүшкө айлангандыгы кедерибизди кесип келет. Мыйзам кабыл алынган соң ал жаманбы же жакшыбы так аткарылышы керек. Аны бир тармактын же бир ууч топ адамдардын кызыкчылыктары үчүн бүгүн кабыл алып, а эртең өзгөртө берүү жарандарыбызда жанбактылыкты өөрчүтүп, мыйзамды аткарылышына кайдыгер кароо психологиясын жаратат. Биз мына ушундан качып, укуктук сабаттуулукка ар бир адамды үйрөтүшүбүз абзел.

Cөздүн ачыгын айтсак, Экономика министрлигинин өкүлдөрү Экономика жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда билдиришкендей, 2014-жылы Кыргызстанга 106 миө автомобиль ташылып келген. Мунун ичинен 62 миңи январь-сентябрь айларында өлкөгө киргендиги тастыкталган. Ал эми 2014-жылдын 22-сентябрында Кыргызстанга кирип жаткан автомобилдерди бажылык тариздөө үчүн төлөнүүчү тарифтерди жогорулатуу тууралуу токтом кабыл алынгандан кийин эле дагы 45 миң автомашина сырттан кирген. Азыркы күндө Мамлекеттик бажы кызматынын кампаларында 2015-жылдын 1-январына чейин бажылык тариздөөдөн өткөрүүгө жетишилбей калган 149 автомашина кармалып турат. Андыктан, өз күнөөлөрүн моюндарына алгылары келбеген авто ташуучулар ошол машиналарын мурунку тариф боюнча өткөрүп берүүнү талап кылып, жаөы баада төлөгүлөрү келбей жатышкандыгына күбө болуп олтурабыз. Алар эски баада тариздөөнү ушул жылдын февраль айынын аягына чейин узартып берүүнү суранышууда. Ага чейин өткөн жылы тапшырык берилген дагы 800дөй автомашина да өлкөбүзгө келип калат дешет. Буга Жогорку Кеөештин тиешелүү комитети да макул болуу ниетинде бул маселеге кайрылып, мындай форс-мажордук кырдаалды эске алуу менен Экономика министрлиги жана Мамлекеттик бажы комитетине бул жагдайды оңунан чечип берүү жаатында атайын сунуш менен чыгууга билек түрүнө белсене киришип жатат. Айтор, мыйзам буйлаланган төө дегендей эле болууда. Ушундай артка карай чегинүүлөр менен ишкерлерди колдоп жатабыз дегендей түр көрсөтүшүүдө.

Эми какаганга муштаган дегендей, ошол ташып келген автомашиналарды бажыдан өткөрүү-каттоо да үстүбүздөгү жылы 3 эсеге көбөйүп олтурат. Натыйжада мурда бул үчүн 7-9 миң сом төлөп келишсе, эми ал 18-19 миң сомго чыгып кетти. Ошентип, чет элдик машиналарды ташуу-сатуу бизнеси да Бажы союзунун талап-эрежелерине акырындык менен ыңгайлашуунун жеңилге турбаган жараянын башынан өткөрүүдө. А артка чегинүүгө жол жок экендигин ар бир жаран түшүнүү менен кабыл алуусуна жетишүү жаатында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү бир мүнөткө да токтотпошубуз керектигин эстен чыгарбоого тийишпиз.

Таалайбек ТЕМИРОВ