обменкадан

Middle East Economic Survey журналына берген маегинде Сауд Арабиясынын мунай министри Али аль-Нуйами ОПЕКтин мүчөлөрү баррелдин баасы 20 долларга чейин түшсө да, мунай өндүрүү көлөмүн азайтпастыгын айтты:

“Мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгында эмес. Дүйнө жүзү 100 долларлык мунайды мындан ары көрбөй калышы мүмкүн. Эгер Сауд Арабиясы кичине эле азайтууга барса, баалар көтөрүлө баштайт”.

Анын пикиринде, Перси булуңундагы өлкөлөр баалардын узак мөөнөттүү түшүшүнө туруштук берет, анткени, аймакта мунай өндүрүүнүн өздүк наркы баррелине 4-5 доллардан ашпайт.

Атай АЛТЫМЫШЕВ

Атай Алтымышев