Министр М.Турганбаев: Милиционерлерге кылмышкерди атышына команда бердим
КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги Жол-күзөт кызматынын иш-чарасында, милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевдин каза болгон окуясына негиздеп, расмий түрдө «кийинки жолу кылмышкерди кармоодо милиция кызматкери анын куралын көрсө аны ата аларын» билдирди.
«Мен, кийинки жолу куралдуу кылмышкерди көрсө, ойлонбостон атууга команда бердим. Биздин милиция кызматкерлерин жоготконубуз жетишет. Буга чейин биз гумандуу болчубуз жана каза болгон кызматкер Б.Сыдыгалиев дагы гумандуу болчу. Ал кылмышкерди өлтүрө алмак, бирок ал аны бутка аткан. Менин билдирүүм кылмышкерлер үчүн эскертүү болушун каалайм», – деди министр.
ИИМдин басма сөз кызматы ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамда, милиция кызматкерлери куралдуу кылмышкерди кармоодо жаракат келтирүү үчүн ата алат деген берене бар экендигин түшүндүрүштү.
Булак : Баракелде

Leave a Reply