Министр К.Боронов иш сапары менен жүргөн Ош шаарынан Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти
КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 14-ноябрда иш сапары менен жүргөн Ош шаарынан Ысык-Көл облусуна чыгып кетти.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр кырсык болгон жерде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды өзү көзөмөлдөйт.
Ошондой эле, министрдин тапшырмасы менен Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнү баалоо жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу үчүн ӨКМ жетекчисинин орун басары Давлетбек Алимбеков башында турган атайын ыкчам топ жөнөп кетти.
Булак : Баракелде

Leave a Reply