Мектеп окуучулары, аларга окуу куралдарын сатып алууга берилген акчаларга лотерея ойноп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда депутат Малик Осмонов («Ата Мекен») Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мага, мектеп окуучулары дептер, калемсап алуунун ордуна акчаларын Элдик лотерея ойноо менен коротуп жатышканы жөнүндө кайрылып жатышат. Мен бул маселени сиздерге жеткирип, көзөмөлгө алууну сунуштайм», – деди ал, өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып.