Мектеп ачып, жол салып…
Алибаев Кадырбек Бакай-Ата районундагы “Кадырбек” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
Кадырбек Алибаев Үрмарал айылынын кулуну. Маданият айылында жашайт. Пайгамбар жашынан ашкан курагында. Өмүрлүк жубайы Жунус кызы Маржанбү экөө ырыс шериктүү өмүр кечиришип, уул-кыз өстүрүшүп, небере жетелешип, эл ичинде урмат-сыйлуу жашап келатышат.
Кадырбек Алибаев элин ойлогон адам. Айыл чарба техникумунун ветеринария адистигин бүтүргөн. Сокулук районундагы “Рассвет” колхозунда ветеринардык врач, Кенес-Анархайда зооналык ветеринардык врач, Бакай-Ата районунун Калинин колхозунда, райветстанцияда жооптуу кызматкер, “Үрмарал” колхозунда дарылоочу-бордоп семиртүүчү пункттун башчысы, ферма башчысы болуп иштеген. Мыкты адис Төлөбек Беренов менен бирге Ставрополдон, Алтайда алынып келинген асыл тукум койлорду өстүрүп, уяң жүндүү койлордун санын 12000 башка жеткиришкен.
Заман оошуп, колхоз-совхоздор менчикке бөлүнгөндө “Үрмарал” жамааттык чарбасынын башчылыгына дайындалып, азык-түлүктүн тартыштыгы ачык сезилген ошол мезгилде жамаатты эмгекке уюштуруп, элин ун менен мал–келди тоют менен жетиштүү камсыздап турган.
Жаш жеткинчектер жакшы таалим алсын деген максатта өз каражатынын эсебинен Үрмарал айылына типтүү имарат салдырып, анда толук эмес орто мектептин ачылышына жетишти. Бул мектептин курулушуна өзүнүн 140 түп терегин кыйып берди, өз каражатынан 150000 сом жана чоң сарайын буздуруп, бышкан кышын берген.
Латок койдуруп, шагыл, топурак төктүрүп, Маданият айылына жол салды. Чоң жолдон Маданият айылын көздөй кеткен бул жолду айылдаштары “Кадырдын кашка жолу” деп аташат.
Өздөштүрүлбөгөн бош жаткан 7 гектар жерди карамагына өткөрүп алып, бак-шакка айландырды. Азыр ал жер көкөлөп бай керген мырза теректүү, алма бактуу көрктүү жай болуп калды. Теректерди кыйып сатайын деген деле оюм жок. Келечекте “Кадырдын токою” деп эл эс алган жер болсун, – дейт Кадыр Алибаев.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Leave a Reply