МЧС билдирет
2014-жылдын 18-ноябры саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин ыкчам маалыматынын билдирүүлөрүнө таянсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын 14-ноябрында саат 07:24тө эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу: Ысык-Көл областынын Тоң районунун Каджы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгышты, Тосор айылынан 22 чакырым түштүк-батышты, Бөкөнбаев айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышты жана Балыкчы шаарынан 105 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 42º00´; чыгыш кеңдиги 77º19´.
Жер титирөө: Каджы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.
2014-жылдын 17-ноябрында Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен:
Тоң району боюнча: Тоң айыл аймагында319 арыз түшкөн, 319 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 61 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 1 социалдык объект жана 245 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 12 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Б.Мамбетов айыл аймагында 80 арыз түшкөн, 80 турак үй жана 13 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 36 турак үй жана 4 социалдык объект I даражада, 32 турак үй жана 7 социалдык объект II даражада, 2 социалдык объект жана 3 турак үй III даражада, 9 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Күн-Чыгыш айыл аймагында650 арыз түшкөн, 540 турак үй жана 10 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 240 турак үй I даражада, 150 турак үй жана 8 социалдык объект II даражада, 109 турак үй жана 2 социалдык объект III даражада, 41 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Кажы-Сай айыл аймагында 120 арыз түшкөн, 105 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 36 турак үй жана 3 социалдык объект I даражада, 46 турак үй жана 2 социалдык объект II даражада, 21 турак үй жана 4 социалдык объект III даражада, 2 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Төрт-Күл айыл аймагында 71 арыз түшкөн, 71 турак үй текшерилип, анын ичинен 25 турак үй I даражада, 40 турак үй II даражада, 6 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Ак-Терекайыл аймагында 114 арыз түшкөн, 70 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 15 турак үй I даражада, 50 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 2 турак үй III даражада, 3 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Көл-Төр айыл аймагында 150 арыз түшкөн, 150 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилип, анын ичинен 87 турак үй I даражада, 47 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 15 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жалпы Тоң району боюнча 1335 турак үй жана 43 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 500 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 610 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 137 турак үй жана 11 социалдык объект III даражада, 88 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жети-Өгүз району боюнча: Тамга айыл аймагында 38 арыз түшкөн, 38 турак үй текшерилип, анын ичинен 5 турак үй I даражада, 2 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 1373 турак үй жана 43 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 505 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 610 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 137 турак үй жана 11 социалдык объект III даражада, 90 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Бактыга жараша 5-даражада жабыркаган турак үйлөр жана социалдык обьектилер жок.
Эскерте кетсек, 5-даражада жабыркаган деп, кыйроого кабылган имараттар эсептелет.
Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.
Ош облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматында, 2014-жылдын 18-ноябрында саат 06:38де эпицентрде 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу: Тажик Республикасынын аймагында болуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылынан 180 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөө: Дароот-Коргон айылында 3 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок деп билдирет КРнын ӨКМнин ыкчам маалымат бөлүмү
Ал эми Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча? 2014-жылдын 17-ноябры саат 08:30дан 18-ноябры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.


Leave a Reply