Майлуусуулуктар эл өкүлдөрүнө экологиялык жактан булганган шаар катары кошумча төлөмдөр менен камсыздоо маселесин коюшту
2015-жылдын 8-10-январь күндөрүндө Жогорку Кеңештин депутаттары республика аймактарында шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөрүүдө.
7-8-январда КСДП фракциясынын депутаттары Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында, Ноокен, Базар- Коргон райондоруна жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Майлуу-Суу шаарынын тургундары экологиялык жактан булганган шаар катары кошумча төлөмдөр боюнча жана жол, таза суу сыяктуу көйгөлөрдү көтөрүп, лампа заводуна жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу, стратегиялык объектилерге иш билги кадрларды дайындоону сунушташты. Ал эми Базар-Коргон райондук архиви 2010-жылы өрттөнүп, документтер күйүп кеткендиктен, пенсияга аз акча менен чыгып жаткандыктарына нааразы болушуп, маселенин ыңгайлуу жолун табууну суранышты.
Ал эми 9-январда Т. Туманов менен Н. Касымбеков Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушат.
Ушул эле 9-январда вице спикер Т. Зулпукаров баштаган КСДП фракциясынын депутаттары А.Кутушев, А. Султанов, З. Жоошбековдун Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде шайлоочулар менен жолугушуулары мерчемделүүдө.


Leave a Reply