“Манас” эпосуна арналган конференция
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган депутаттар тобу Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Улуттук университетте «Манас» эпосун изилдөөдөгү казак окумуштууларынын ролу» темасында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышат.
Конференциянын негизги максаты – кыргыз жана казак элдерин «Манас» дастанында чагылдырылган окуялар менен тааныштыруу, казак окумуштууларынын «Манас» эпосун изилдөө жаатында кошкон салымын белгилөө.
Иш-чара жүрүшүндө кыргыз жана казак манасчыларынын «Манас» дастанынан үзүндүлөрдү айтышат. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Алматыда жашап жана иштеп жатышкан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы.
Динар Турдугулова


Leave a Reply