Мамлекеттик салык кызматында да реформалар башталды
13-январда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Замирбек Осмонов Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондору боюнча салык органдарын кыдырып, алардын материалдык-техникалык жабдылуусу, айрыкча салык төлөөчүлөр үчүн ачылган “Бирдиктүү терезелердин” иштери менен таанышты.
Салыкчылар менен жолугушууда төрага Мамлекеттик салык кызматынын алдында 2015-жылда кандай милдеттер тургандыгын айтып берди. Быйыл салыктарды ай сайын 100% чогултуудан тышкары, салык төлөөчүлөрдөн отчетторду электрондук жол менен алууга, эсептешүүлөрдү которуу аркылуу жүргүзүүгө өтүү зарыл. Алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды берүү жана акцизделүүчү товарларды электрондук маркирлөө сыяктуу жаңы механизмдер киргизилет.
Ушул тапта Мамсалык кызматында уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу жүргүзүлүүдө. Анын алкагында ар бир салык кызматкери кайра дайындоо процедурасынан өткөрүлөт. Мындан тышкары, аймактар аралык башкармалыктар жоюлат. Бошогон кызматкерлердин эсебинен райондук салык органдары жана борбордук аппарат күчтөндүрүлөт. Кайра түзүүлөргө байланыштуу жумушсуз калган кызматкерлерди ишке жайгаштыруу боюнча комиссия иштөөдө. Жумушка орноштурууда иш боюнча көрсөткүчтөрү жакшы жана аттестациядан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге артыкчылык берилет. Калгандары менен кош айтышууга туура келет.
Быйыл аймактар аралык, ал эми 2016-жылдын 1-январынан тарта Бишкек шаары боюнча башкармалыктар жоюлат. Борбордук аппараттын өзүндө салыктарды текшерүү башкармалыгын кармоонун зарылдыгы каралат. Бул жылы Салык кызматына Бажы кызматынын айрым функциялары (Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен импорт боюнча кыйыр салыктарды көзөмөлдөө) өткөрүлүп берилет. Социалдык фонддун (камсыздандыруучу жыйымдары), Улуттук статистикалык комитеттин (жеке жактарды каттоо) кээ бир функцияларын да Салык кызматы аткара баштайт.
Салык төлөөчүлөргө электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү кеңейтилип, алар менен калктын кеңири катмары камтылат. Электрондук отчеттуулукка өтүү үчүн салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн кеминде 15 миң салык төлөөчүнү электрондук системага өткөрүү үчүн салык кызматынын ички иштөө системасы өркүндөтүлөт. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салыктар 30 миллион сомго жеткирилет. “Бирдиктүү терезе” сервистик пункттарынын санын көбөйтүү менен салык төлөөчүлөрдү ыкчам жана сапаттуу тейлөө жакшыртылат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply