Айзада

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “20 жылдык иш чаралары” алкагында Кара Кыргыз автономдуу областынын 90 жылдыгына арналган илимий жыйын болуп өттү. Жыйында КР УИА нын тарых жана маданий мурас институтунун директорунун милдетин аткаруучусу проф. А.Жуманалиев “Кара Кыргыз Автономдуу областынын курулушу- кыргыз мамлекетинин кайрадан жаралышы”, б.а. 1924-жылдын 14 -октябрында алгач Кара Кыргыз Автономдуу облус болуп түзүлгөндүгү, мамлекет болуп түптөлүү чоң күрөш менен келгендиги жана ага салым кошуп, Ж.Абдрахманов башында турган, И.Арабаев, И.Айдарбеков ж.б. кыргыздын саясий элитасы кам көргөндүгүнө кеңири токтолду. Ал эми КТМУнун тарых бөлүмүнүн профессору Д.Сапаралиев “Иманалы Айдарбековдун Кара Кыргыз Автономдуу областынын уюштурулушуна кошкон салымы”, ушул эле бөлүмдүн доценти З.Алтымышова “Абдыкадыр Орозбеков Кара Кыргыз Автономдуу областынын аткаруу комитетинин төрагасы” деген темалардын үстүндө баяндама жасашты.

Айзада Дүйшөнбавева