Жогорку Кеңештин айрым депутаттары стратегиялык объекттер курула турган жерлердеги менчик турак-жайларды жана имараттарды улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жаңы салынып жаткан борбордук мечиттин аймагындагы жеке менчик даараткана. Муфтият даараткана ээси сунуштаган баага көнбөй жатканын айтууда.

Жаңы салынып жаткан борбордук мечиттин аймагындагы жеке менчик даараткана. Муфтият даараткана ээси сунуштаган баага көнбөй жатканын айтууда.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн жеке менчик да улутташтырууга дуушар болушу мүмкүн.

Мыйзамдын автору, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, зарыл учурда жеке менчик мамлекеттик кызыкчылыктан жогору турбашы шарт.

– Бул мыйзамда жалпы коом үчүн муктаждык жаралганда жеке менчик улутташтырылып, мамлекет эсебине өткөрүлүшү мүмкүн деп жазылган. Өзгөчө коопсуздук маселелеринде. Анын наркын орточо базар баасы менен атайын комиссия аныктайт. Жолдор, ГЭСтер курулуп жатат. Анан бир эле киши жеке кыймылсыз менчиги аркылуу бүтүндөй мамлекетке тоскоолдук жараткан учурлар жок эмес. Ушундай жагдайлардан улам айрым стратегиялык курулуштар он жылга чейин кармалышы мүмкүн. Биз мындай шантажга жол бербешибиз керек.

Текебаев кошумчалагандай, сунушталып жаткан мыйзамдагы улутташтыруунун жол-жоболору Конституцияга каршы келбейт. Мамлекеттин кызыкчылыгындагы жеке кыймылсыз мүлктүн ар бири боюнча өзүнчө комиссия иштеп, акт түзөт. Жеке менчик наркы орточо базар баасы менен аныкталат, тагыраак айтканда, мүлк кожоюндары ээлиги үчүн асмандын башын чапчый албай калат.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга чыга элек жатып ага каршылар четтен чыгууда. Алардын бири мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев. Ал бул мыйзамды мамлекеттин жеке менчикке кол салуусу катары баалады.

– Бардыгын эгемендүү сот гана чечиши керек. Анткени сот алдында мамлекет менен жеке адамдын укугу бирдей. Эгерде мамлекетке көбүрөөк укук берилсе, анда мурдагы социализмге кайткан болуп калабыз. Чындап келгенде, мамлекеттик органдарда деле жеке адамдар иштейт да. Алардын жеке кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Беш чарчы жер тилкеси болобу, жөнөкөй алачыгы болобу менчик ээси каалабаса, ага мамлекет эч качан тийишпөөсү керек. Балким ал атасынан калган мурастыр.

Мечиттей бийиктеген даараткана баасы…

Кыргызстанда мамлекет менен жеке адамдар ортосунда талашка түшкөн кыймылсыз мүлктөр жүздөп саналат. Алардын бири жаңы курулуп жаткан борбордук мечиттин жанындагы менчик имараттар. Бишкек мэриясы мечит курууга бөлгөн 3,26 гектар аянттагы көп кабаттуу имарат жана эски даараткана буга чейин эле жеке колдорго өтүп кеткен. Муфтияттын курулуш иштери бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Назылбеков менчик ээлери аталган мүлктөрдүн баасын кымбат баалап, сунушталган акчага көнбөй жатканын айтууда.

– Мечиттин түбүндөгү имарат мурда кафе болгон экен. Так кире бериште. Сатып алалы десек 2 млн. доллар деп, ойго келбеген сумманы айтып жатат. Бул имараттын базар баасы анчалык кымбат эмес. Анан жарым сотыхка жетпеген эски даараткана бар. Ал дагы мечиттин көркүн бузуп турат. Аны алалы десек менчик ээси 25 миң доллар сурап жатат. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Алар айткан сумма бизде жок, түрттүрөлү десек, ага мыйзам жол бербейт.

Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым жолдорду кеңейтүүдө дап ушундай талаштар жаралып, жеке менчик ээлери өз ээлигин коргоо үчүн соттошууга чейин барышкан. Өлкө аймагындагы ГЭСтердин, электр линиялардын курулушуна байланыштуу башка жактарга көчүрүлгөн турак-жай жана имарат ээлери мамлекеттен кенемте акча талап кылып келишет. Айрым адистер мүлкүнүн стратегиялык маанисин билген менчик ээлери мамлекеттен базар баасынан алда канча көп акча талап кылып жатканын белгилеп келишет.


Уланбек Эгизбаев