Кызылча оорусунун жайылыш коркунучу бар
Бишкекте кызылча оорусу боюнча абал курчууда. Декабрь айында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 286 адам кайрылса, анын 254ү ооруканага жаткырылган.
Ал эми ушул январь айынын башынан бери эле бул оорунун оор формасы менен 503 бейтап жаткырылганын “Кабар ордо” сайтына аталган оорукананын Амбулатордук кеңеш берүү бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева билдирген. Анын айтымында күнүнө 50дөй бейтап кайрылса, алардын жарымынан көбүн ооруканага жаткырууга туура келүүдө. Ооруканада орун жетишпегендиктен грипп, сасык тумоо менен ооругандарды шаардагы №3 балдар ооруканасына, Эне жана баланы коргоо борборуна жиберүүгө туура келип жатат,- дейт дарыгер. Учурда 5 бөлүмдө жалаң кызылча оорусуна чалдыккандар дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында кызылча оорусу алгач Бишкекте күч алып, учурда аймактарда да катталууда. Себеби, борбордон жугузуп алып, айылга барган студенттер аркылуу да жугуп жатышы мүмкүн.
Кыргыз Өкмөтү кызылча оорусунун жайылышына каршы туруу максатында чукул чара көрүп, кечээ 34.4 млн. сом акча каражатын бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул туурасында Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов биздин редакцияга билдирди. Акыркы убактарда кызылча оорусу (корь) менен ооругандардын саны өсүүдө. Жолдош Сапаровичтин маалыматы боюнча 1-январдан 17-январга чейин 1215 адам бул ооруга чалдыкканы катталган. Оорунун жайылыш негизги себеби катары ички-тышкы миграция жана диний көз караштагы адамдардын буга чейин бул ооруга каршы эмдөөдөн баш тартышы болуп саналат. Бул ооруга каршы акыркы күндөрдө эле 15 миң адам эмдөөдөн өтүп, жалпы 98 миң доза вакцина жасалган. Учурда колдо дагы калган 58 миң 300 доза берилмекчи. Өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражатка кыска мөөнөттө тендер өткөрүп, вакцина менен камсыз кылууга аракеттенебиз,- дейт Жолдош Калилов. Негизинен бул ооруга каршы 1 млн. 34 миң адам эмделүүгө тийиш.
Республикалык эмдөө борборунан билдиришкендей катталган оорулуулардын көпчүлүгү, тактап айтканда, 51,2 %ы 14 жашка чейинки балдар болуп саналат. Кечээтен баштап республикабыздын мектептеринде кышкы каникул аяктап, окуу башталды. Жолдош Калиловдун айтымында, кызылча оорусунун көп катталып жатканына байланыштуу абалды көзөмөлгө алуу максатында бардык мектеп жана бала бакчаларда дарыгерлер иш жүргүзүүдө. Ооруну жугузуп албоо жана алдын алууга кеңеш берүүчү баракчалар даярдалып, таратылууда. Бирок азырынча бул ооруга байланыштуу мектептерди жабуу планы жок. Эске сала кетсек, мурдараак билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева маалымат каражаттарынын биринде бул абалга байланыштуу окуу процесси токтотулбай турганын, эгерде тигил же бул мектепте же ЖОЖдо бул ооруга чалдыккандар катталса, ошол жерде гана окуу процесси убактылуу токтоосу мүмкүндүгү жөнүндө билдирген.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Leave a Reply