Кызылча оорусу жайылууда
Өлкөдө жайылып жаткан кызылча илдетинин жайылып жатышына ички-тышкы миграция жана диний көз караштан улам балдарын эмдетпегендер себеп болууда. Бул туурасында республикалык Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, балдарын эмдетүүнү каалабаган үй-бүлөлөрдүн саны өлкө боюнча 6 миңден ашкан. Ошондой эле баш калаанын Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Дордой сыяктуу жаӊы конуштарына жана “Манас” аба майданына кеткен жолдогу кыштактарга келип отурукташып жаткан ички мигранттар эч жерде катталышпайт. Балдарына убагында эмдөөсүн алышпайт. Мындан сырткары, азыр диний көз караштан улам балдарын эмдетпегендердин саны Кыргызстан боюнча 6329 үй-бүлө болду. Ушулар оорунун жайылуусуна шарт түзүүдө,- дейт Калилов. Учурда Кыргызстанда балдар арасында кызылча оорусу жайылууда.
Айнура Шайкеева


Leave a Reply