Кызыл-Кыяда балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жасалууда
Кызыл-Кыя шаарында балдарга карата жасалган орой мамиле жана зордук- зомбулуктун алдын алуу боюнча чукул чаралар жасалууда. Бул маселе боюнча шаар мэри Абиш Халмурзаев башында турган штаб түзүлгөн. Штабдын иш-планы да түзүлүп, атайын иш-чаралар кабыл алынган. Штабдын кезектеги жыйналышында балдарды жана үй-бүлөлөрдү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Шарабидин Токуров чыгып сөз сүйлөдү.
Ал чогулгандарды, өзгөчө үй жана квартал комитеттеринин башчыларын, алардын аймагында жашаган аз камсыз, көп балалуу, толук эмес үй-бүлөлөрдү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштегендердин каттоосунда турган үй-бүлөлөрдү көзөмөлгө алуу менен байкоого алуусу айтылды.
Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу
Leave a Reply