Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырып, Жалал-Абад шаарында жыйын өткөрдү (фотобаян)
Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева Жалал-Абад областынын бир катар аймактарын кыдырып, Жалал-Абад шаарында жыйын өткөрдү деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. КРнын экс-президенти Роза Отунбаева 21-22-январда Кара-Көл шаарында, Аксы, Ала-Бука жана Базар-Коргон райондорунда болуп, балдар бакчалары менен мектептерди атайын кыдырып, балдардын тамактануусу жана билим берүүнүн азыркы абалы менен таанышты. КРнын экс-президенти Роза Отунбаеванын областтын аймактарына болгон кыдыруусун Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева коштоп жүрдү.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду тарабынан өлкөбүздүн эртеңки келечеги жана үмүтү болгон балдарга ар тараптуу камкордуктарды көрүү боюнча бир катар саамалыктуу иштерди жасап келаткандыгы кыргыз коомчулугуна жакшы маалым. Атап айта турган болсок учурда аталган коомдук фонду тарабынан Кыргызстан боюнча 250 мектепте тамактанууну жакшыртуу боюнча кошумча каражаттар жумшалып, балдарга берилүүчү тамактардын калориялуугун арттыруу, балдардын өсүп жетилүүсүнө зарыл болгон витаминдүүлүгүн жакшыртуу багытында атайын максаттуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мындан сырткары жайкы мезгилде жайлоо балдар бакчаларын уюштуруу демилгеси дагы өткөн жылдан баштап ишке ашырыла баштады. Жалал-Абад шаарында областтын активи жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жыйында ушул багыттарда кең-кесири сөз болду.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2002-жылдан баштап 1-4-класстардын окуучуларына бир маал тамак берүү жагы мыйзам чени менен бекитилген. Бул боюнча ар бир окуучуга 7 сом, ал тоолуу райондордогу мектеп окуучуларына 10 сом каралган. Бул чындыгында өтө жетишсиз. Азыр Кыргызстанда ар бир 5-чи баланын тамактануусу жетишсиз, же болбосо курсагы тойо тамактанбайт. Жашырганда эмне, жакыр үй-бүлөлөр бизде дале көп. Азыркы мезгилде биздин Эл аралык Коомдук фонд тарабынан балдар бакчаларындагы жана башталгыч класстардын окуучуларын кошумча тамактануусун күчтөндүрүү боюнча атайын долбоорлор менен иштеп жатабыз жана буга Кыргызстан боюнча 250 мектеп тартылды. Дагы 2000 мектепти акырындап кошуубуз керек. Жайлоо балдар бакчаларын уюштуруу боюнча дагы ишибизди баштадык. Өткөн 2014-жылы өлкөбүз боюнча 35 жайлоо балдар бакчалары уюштурулса, Жалал-Абад областында болгону 2 гана жайлоо балдар бакчалары иштеди. Республикабызда 450 жайлоо комитеттери иштейт. Алардын ар бири бирден ачканда дагы 450 жайлоо балдар бакчалары иштеши керек болуучу.
Акыркы жылдары билим берүүнүн деңгээли түшүп баратат. Ата-энелер балдарыбызды телевизор менен компьютерге байлап берип койдук. Компьютер балдарыбыздын дүйнөгө болгон көз карашын, ой жүгүртүүсүн кулпулап, бекитип салат. Айрыкча мектеп окуучулары арасында жоолук салынып, мусулман дининин маани-маңызын түшүнбөй азгырылып жаткандары, жаш улан-кыздарыбыздын Сириядагы согушка алданып кетип жатышкандыгы бир гана бийлик башындагыларды гана ойлонтпостон, коомчулукту дагы терең тынчсыздандыруусу керек деп ойлоймун.
Азыркы мезгилде балдарга арналган кыргыз тилиндеги китептер көп чыга баштады. Ар бир ата-эне, чоң ата менен чоң эне эч болбогондо балдары менен неберелерине 20 мүнөттөн кем эмес китеп окуп берүүлөрү керек. Жөн эле окуп бербестен, көркөм түрүндө окуп берүүгө маани берсек, Жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан студенттердин так жана техникалык илимдерге болгон кызыгуусун ойготушубуз керек. Бизде, айрыкча Жалал-Абад областында нефти менен газ, тоо-кен байлыктары аябай мол. Аны иштетүү үчүн тоо-кен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүчү адистер керек,-деди КРнын экс-президенти Р. Отунбаева.
Жыйында КРнын экс-президенти Роза Отунбаева быйыл Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын, ага карата 2-3-мартта Бишкекте Улуттук Филармонияда атайын аялдар форуму өтө тургандыгын белгиледи.
Жыйындын катышуучуларына «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун бир катар мүчөлөрү балдардын тамактануусун жакшыртуу, жайлоо балдар бакчаларын ачып уюштуруу жагдайларында бир катар сунуштарын ортого салышты.
Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу






Leave a Reply