Кыргызстандын аймагында интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү бирдей эмес, бул багытта иштер жүрүп жатат, – вице-премьер Э.Сариева
Интернеттин саясаты өзгөрүшү керек, бирок принциптери мурункудай калуусу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Борборазиянын интернет симпозиумунда билдирди.
Учурда өлкө аймагына интернет бирдей эмес экендигин айткан Э.Сариева бул боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
«Биздин интернет-коомчуулук активдүү эле эмес, ар тараптуу. Социалдык түйүндөрдү колдонууда өсүү бирдей, мисалы мурда Facebook социалдык түйүнүндө колдонуучулардын саны 50 миңдей болсо, учурда кыргызстандык колдонуучулардын 200 миңден ашты. Ченемдик-укуктук базага ылайык, сайттарды соттун чечими менен гана тосмолоого болот. Бул тармакта Кыргызстандын жетишкендиктери көп, мисалы санариптик телеберүүгө өтүү жана мультиплекстерди колдонуу», – деди Э.Сариева.
Европанын аймактык ISOC бюросунун директору Фредерик Донк ISOC Кыргызстанда интернетти мындан ары да өнүктүрүү үчүн бардык кызыктар тараптар менен иштешүүгө даярдыгын жана бардык аймактарга тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Leave a Reply