медаль1

Кыргызстандык спортчу Артур Те 7-декабрда Кипрде старт алган студенттердин Дүйнө кубогунда самбо боюнча алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мелдешке 22 мамлекеттен 100дөн ашуун студент-спортчу катышууда. 8-декабрда ойнотулган 8 медалдын бирин 68 килограмм салмакта Артур Те багындырды.

Булак: super.kg