Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы, Белоярский шаарында (Россия) өткөн дүйнөнүн нефтилик мамлекеттердин Кубогунда 4 медаль утту. Бул тууралуу таймаштын расмий сайты маалымдады.

Турат Осмонов (49 кг чейин), Азат Үсөналиев (52 кг чейин), Медер Мамакеев (60 кг чейин) жана Эрмек Сакенов (64 кг чейин) беттештердин коло байгелерин багындырышты.

Өмүрбек Малабеков (56 кг чейин), Эркин Болотбек уулу (69 кг чейин), Азамат Каныбек уулу (75 кг чейин ) жана Сергей Паренко (101 кг чейин) байгелик орундарга жетише алышкан жок.

6-декабрдагы жарым финалдык беттештердин жыйынтыктары

49 кг чейин

Турат Осмонов (Кыргызстан) – Салман Ализаде (Азербайджан) — Ализаденин жеңиши

52 кг чейин

1/2 финал

Азат Үсөналиев (Кыргызстан) – Овик Оганнисян (Россия) — Оганнисяндын жеңиши

60 кг чейин

1/2 финал

Медер Мамакеев (Кыргызстан) — Руслан Камилов (Россия) — Камиловдун жеңиши

64 кг чейин

1/2 финал

Эрмек Сакенов (Кыргызстан) — Шахрам Гиясов (Узбекистан) — Гиясовдун жеңиши.