Кыргызстанда жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салуу мыйзамдуу жолго коюлат
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинде жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” КР мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда Жогорку Кеӊештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, детективдик жана күзөт ишмердигин ишке ашырган кадрлардын атайын даярдыктан өтүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу тартибин киргизүү сунушталууда. Андай чаралар иштеп жаткан мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Ошондон улам, аларды атайын даярдыктар өткөрүү тартиби КР Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү зарыл.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply