Кыргызстанда 21 миң адам кулчулукта жүрөбү?
Австралиялык WalkFreeFoundation деп аталган укук коргоочу уюмдун жарыялаган докладына таянсак, ушул тапта дүйнөдө кулчулукта жүргөн 35,8 миллион адам бар. Уюмдун эксперттери биздин кошуна Өзбекстанды кулчулуктун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда деп аныкташкан. Бул өлкөдө 1,2 миллион кулдар бар. Биринчилик Мавританияга таандык. Үчүнчү орунда Гаити мамлекети.
Эксперттер дүйнөнүн 167 өлкөсүнө анализ жүргүзүшүп көрүшкөн.
Алар Казакстанда 63 миң (93-орун), Тажикстанда 30 миң (95-орун), Кыргызстанда 21 миң (97-орун), Түркмөнстанда 19 миң (98-орун) кулдар бар деп божомолдошот.
Эң эле аз кулдар Исландияда (23 адам). Ал эми кулчулук кадимки көрүнүшкө айланган өлкөлөрдүн катарында Ирак, Сирия, Конго, Гвинея, Борбор Африкалык Республика, Эритрея, Иран, Түндүк Корея жана Ливияны аташкан.
Укук коргоочулардын пикиринде учурдагы кулчулуктун түрлүү формалары бар. Маселен, мектепке барбай, бешиктен бели чыга элек жатып оор жумуш жасоого мажбур болгон балдар, зордук менен күйөөгө берилген келин-кыздар, чачынан көп карызга баткандыктан иштен кете албагандар, ошондой эле көр оокаттын айынан үй кызматында жүргөн аялдар жана жаш кыздар.
Атай Алтымышев


Leave a Reply