Кыргызстан диний экстремизмге туруштук бере алабы?
Акыркы кезде диний экстремизм, терроризм күч алып бараткандыгы баарыбызга маалым. Экстремисттик диний уюмдардын саны бир топ көбөйдү. Сырткы күчтөрдүн таасиринен улам Кыргызстандын аймагында айрым радикал диний топтордун күч алышы ыктымал. Алардын негизги максаты – калкты толугу менен бурмаланган ислам же христиан диндерине өткөрүү.
Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндө террористтик жана экстремисттик диний кыймылдардын күчөп кетүү коркунучу бар. Анткени, баарыбызга белгилүү болгон 1990-жылдардын аягындагы террористтердин биздин өлкөгө кол салуусу жана Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик уюмдардын уламдан улам көбөйүп жаткандыгы мисал боло алат. Мындай уюмдардын негизги максаты – Фергана өрөөнүндө өздөрүнүн Ислам Халифатын (мамлекетин) түзүп, өзгөчө жашоо эрежесин орнотуу. Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 1990-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү иш-аракеттерин жүргүзүп келүүдө. Натыйжада, алардын ишмердүүлүгүнө кошулган адамдардын саны арбыды. Андан сырткары, бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүүсү аларды чыйралтып, өз ишмердүүлүгүн күчөтүүдө. Жашоо шарттын начардыгынан өлкөнүн жарандары тыюу салынган диний уюмдарга акчага азгырылып, тартылууда.
Сирияны эмес, Кыргызстанды коргоо
Сириядагы согушка кетип, ал жакта курман болгон жарандарыбыздын саны да өсүүдө. Сириядагы согушта жүргөн өлкө жарандарынын саны 200дөн ашканын күч органдары айтууда. Каза болгондорунун саны 21ге жетти. Мындан мурда Сирияга кеткен аялдардын саны он чакты экени айтылып келсе, бүгүнкү күндө алардын саны 30га жеткени белгилүү. Кыргызстандын коопсуздук кызматтарынын айтымында, ондогон кыргызстандыктар Сирияга барып, “Ислам мамлекети” тобунун катарында согушуп, кайра өз өлкөсүнө кайтып келип жатканын билдиришти. Үрөй учурган жосундарга барган экстремисттик согушкерлер Кыргызстандын ичинде чалгындоо иштерин жүргүзгөн жокпу деген суроо менен Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулаймановго кайрылдык:
– Сириядагы согушка катышкан жарандарыбыз эки багыт менен мекенине кайтып келүүдө. Бири ал жакка туура эмес барып алганын сезип, мүмкүнчүлүгү болсо кайра кайтууда. Ал эми айрымдар – чын эле чалгындоо иштерин жүргүзүп, Кыргызстанда жардыруу иштерин жүргүзүүгө, терроризмди жайылтууга аракет кылгандар. Жакында эле Ош облусунда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген топ кармалды. Кармалган алты адамдын төртөө Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун лагерлеринде аскерий окуудан өткөн, даярдыктагы адамдар экени аныкталды. Алар куралдуу кол салып, колунда бар адамдардын үйүн, акчасын тартып алууга аракет кылган деп айыпталууда. Алардын, үйүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, бет кап, фонарик, бычак табылган. УКМК буга чейин 7 террористтик топту кармап, алардын 36 адамы камакка алынган. УКМК ыкчам, оперативдүү аракеттеринин негизинде алдын алуу иштерин жүргүзүп, террористтердин пландарын ишке ашырбай, алдын ала чара колдонуу менен алектенүүдө.
– Кыргызстанда терроризмди түп-тамыры менен жок кылууга мүмкүнбү?
– Терроризмди түп-тамыры менен жок кылуу өтө татаал. Кыргызстан эмес, дүйнө жүзү терроризм менен күрөшүп келет. Тилекке каршы, алар түп-тамыры менен жок болуп кеткен жок. Кайра күчөп, активдүү аракетте. Чоң державалар да терроризмден сактана албай калууда. Алсак, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Америкадагы жардыруу, Россиянын Волгоградындагы 18 адамдын өмүрүн алган жардырууларды мисал келтирсек болот. Ошентсе да, УКМК өлкөнүн коопсуздугун сактоого күжүрмөн аракеттер менен иш алпарып, өз милдеттерин так аткарууга белсенип келет.
Бир кудай деп жашасак…
Чындыгында, диний сабатсыздыктан, түшүнбөстүктөн Сирияга аттанып, согушка катышып жатышканын сезип кайра артка кайтышкандар кездешүүдө. Ошондуктан, мечиттерде чаржайыт даабат айттырбай, бирдиктүү программа болсун деп диний концепция да иштелип чыккан. Өзгөчө күч органдары менен диний ишмерлер кызматташпаса терроризмди ооздуктоо оңой иш эмес. Эң ириде мектептерге диний сабакты киргизүү, мечиттерде дин иштери боюнча туура түшүндүрүү иштерди жүргүзүү зарыл.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун 1-орун басары Табылды Орозалиев мырза, диний концепция кандай иштеп жатканын төмөндөгүдөй билдирди:
– 2014-жылы дин иштерине Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чоң көңүл бурулду. Президенттин катышуусу менен 1 жылда эки жолу Коргоо кеңешинин отурумунда дин иштери талкууланды. Диний экстремизм, радикализмди ооздуктоо боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте аракет кылып келебиз. Диний концепция өткөн жылдын ноябрында кабыл алынган. Андан бери, жогорку окуу жайларда, мектептерде, мечиттерде дин жөнүндө туура маалыматтарды жеткирип, терроризмге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Муфтият менен биргеликте шаар, айыл-райондордун имамдарын аттестациялык комиссиядан өткөрүп, илимдүү, билимдүү дин иштерин толук кандуу түшүнгөн имамдарды шайлоого аракет кылуудабыз.
– -Табылды мырза, ар бир айылда 2-3төн мечит курулуп, жума намазда элдин көптүгүнөн жана даабатчылардан башың адашат. Ошол эле учурда көчө бойлоп, ар бир үйдү түрө кыдырып даабат айткандардын арасында диний экстрмизмге, терроризмге үгүттөп, аны жайылтууга аракет кылган фактылар кездешүүдө. Бул жагы кандай жол менен жөнгө салынууда?
– Өлкөдө каттоого алына элек 400гө чукул мечит бар. Аларды чекесинен каттоого алып жатабыз. Чындыгында, даабатка чыккандар өз милдеттерин гана аткарбай, чагымчылдык иштерди уюштуруп, туура эмес багытка үндөгөндөр да кездешкен. Ошол себептен, муфтият даабатка чыккандар үчүн атайын бирдиктүү форма бекиткен. Даабатчылар жума намазга катышып, андан соң бирдиктүү форма берилгенден кийин гана даабатка чыгышат.
Кабуловдун кабары коркунучтуубу?
Россия президентинин атайын өкүлү Замир Кабулов жакында ЖМКга берген маегинде: “Ооганстандагы куралчан террористтердин коркунучу Ооганстан менен чектешкен өлкөлөр эле эмес, андан бери Кыргызстанга да жетиши ыктымал”- деп айтты. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси, генерал-майор Мирослав Ниязов Би-Би-Си кыргыз кызматына берген маегинде Замир Кабуловдун мындай божомолун четке какпай, 1998-жылы болгон Баткен окуяларын эсибизден чыгарбоо зарыл экенин айтып, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин өз алдынча өлкө катары террористтердин ар кандай соккуларына даярдыкта болушу керектигин билдирген. Чындыгында, эгемендүү мамлекет болгондон кийин Кыргызстан сырткы күчтөрдүн күтүүсүз чабуулуна күжүрмөн даядыкта турушу керек. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан террористтердин тилегин майтарууга Куралдуу Күчтөр туруштук бере алаарын баса белгилейт:
– Биз азыр абдан кооптуу заманда жашап жатабыз. Ооганстандан НАТОнун күчтөрү чыгарылгандан кийин, бир топ маселе туулушу мүмкүн. Албетте, Куралдуу Күчтөр өлкөнүн тынчтыгын бузганга аракет кылгандарга каршы даяр болушу керек. Учурда күжүрмөн даярдыкты жогорулатуунун үстүндө катуу иштеп, машыгуулар, ар түрдүү сабактар тынымсыз өткөрүлүп жатат. Куралдуу Күчтөр Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууга кудурети жетет.
– Техникалык база жетиштүүбү?
– Учурда Куралдуу Күчтөрдүн техникалык базасы, курал-жарагы жетиштүү. Президентибиз ушул маселени чечүүгө билек түрүнө киришип, Россиянын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, натыйжада алар 1,5 миллиард доллар каражатка, болгондо да гранттык негизде ар кандай курал-жарак, аскер буюмдарын, техника бере турган болду. Айта кетчү нерсе, Россиядан өткөн жылы биринчи этап менен 700 тонна (артиллериялык системаларга курал-жарак жана запастык бөлүктөр, андан тышкары, сактоо мөөнөтү өткөн курал-жарактарды утилизациялоочу мобилдик завод) жүк келди. Калганы буюрса, этап-этабы менен келип жатат. Жалпы жонунан алганда, курал-жарактар эски эмес, мыкты сапатка ээ, азыркы замандын талабына жооп берет.
Максат ИСАБЕКОВ


Leave a Reply