«Кыргызгипрозем» топографиялык тобу, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин архивдик маалыматтарына кирүүгө уруксат алгандыгын бүгүн, 10-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында «Кыргызгипрозем» жер орноштуруу боюнча Мамлекеттик долбоорлук институттун жетекчиси Ажыбек Касмалиев билдирди.

«Мен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын топогорафиялык тобунун жетекчисимин. Азыркы учурда институттун жетекчисинин орун басары Ботобаев жана башка адистер топосъемканы ишке ашыруу үчүн Россиянын Мамлекеттик архивинде жүрүшөт. Ал жактан укуктук тарыхый материалдарды жана жерлердин ар кандай жылдардагы карталарын табууга аракеттенишет. Эки өлкөнүн элчиликтеринин тыгыз кызматташтыгынын жыйынтыгында биз Россиянынн Коргоо министрлигинин архивине кирүүгө уруксат алдык. Азыркы учурда Кыргызстан дагы, эки кошуна мамлекет дагы бүдөмүк маалыматтарга ээ. Издөөнүн максаты болуп Тажикстан Өзбекстандын курамында болгон жылдардын документтерин табуу эсептелет»,- деди Касмалиев.