таможня

Азыр бул суроо бардык эле адамдарды түйшөлтүп жатса керек. КР Президенти Алмазбек Атамбаев 23-декабрда Москвада Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык аймак (ЕАЭА) боюнча документтерге кол коюп келди. Ошентип, Кыргызстан Бажы союзуна мүчө болду. 2015-жылдын 8-майынан баштап чек аралар ачылат. Бул багытта эксперттердин пикирлерине орун берели.

Өндүрүш жандана баштайт

Экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов:

– Мындан ары Казакстан, Россия, Беларусь, Армения менен болгон экономикалык байланыштарыбыз күчөйт. Өзгөчө мигранттарыбызга жакшы болот. Кенен жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушул нерсе көптөгөн көйгөйлөрдү түзүп келбеди беле. Кыргызстандын ичине келе турган болсок, өнөр жайыбыз өнүгө баштайт. Союздан бөлүнгөндөн кийин бардыгын талкалап албадыкпы. Маселен, Оштогу жибек, текстиль комбинаттары азыр болгондо кайра иштей баштайт эле. Себеби, түштүктө пахта өсөт, мурда дыйкандарыбыз жибек дагы өндүрүшчү. Эми ушулардын баарын болбосо да, кандайдыр бир деңгээлде калыбына келтирүүгө тийишпиз. Ак койлорубуз болсо, жүндөн кездеме ийрий баштайт элек.

Ошондой эле дыйкандарыбыздын өндүргөн продукциялары жана тоодо жашаган элдин малы кымбаттайт. Бул жакшы да. Кыргыз калкынын 60-70 пайызы айылда жашайт. Россиядан болсо мунай, арматура, курулуш материалдарынын келүү агымы күчөйт. Орус ишкерлери түстүү металлдарды өндүрүүдөн тышкары, турак жайларды курууга да инвестиция жумшайт. Бул багыттарда конкуренция күчтүү болот. Демек, баалар арзандашы мүмкүн. Кыскасы, 3-4 жылда кадимкидей өндүрүш жандана баштаганы байкалат. Бирок, кыйынчылык болоорун да айта кетейин.

“Инвестиция салууга даярбыз”

Россиянын “Торг-Групп” инвестициялык-өндүрүштүк компаниясынын директору Николай Никитин:

–Бизнесмен катары айтарым, Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүнүн өтө перспективдүү мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Жумушчу күчү арзан жана жакынкы жылдары электр энергияны өндүрүп чыгаруу күчөйт. Бул өлкөдө Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен электр энергиянын тарифи эң төмөн. Мен Советтер Союзунда төрөлгөм. Бала кезимдеги Кыргызстандан келген жашылчалардын даамы дагы деле эсимде. Аларды менин балдарым жей албайт. Бирок, азыр ошондой учурду калыбына келтирүүнүн кезеги келди. Эгерде биз биргелешип аракет жасасак, бардык кыйынчылыктарды оңой эле жеңебиз. Маселен, Уралда дыйкандар картошка менен сабиз гана өстүрө алышат. Башка эч нерсе өспөйт. Калгандарын бүт Кыргызстандан импорттосок болот. Мал эттери да экологиялык жактан таза. Эмне үчүн Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууга болбосун. Биз инвестиция салууга, логистикалык борборлорду курууга даярбыз.

Бизнести өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар

“Эмгек” партиясынын лидери, коомдук ишмер Аскар Салымбеков:

–Биздин өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн Россияга караганда мыкты шарттар бар. Жумушчу күчү көп жана электр энергияга болгон тариф бир топ арзан. Бул бизнести өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Азыртан эле биргелешкен кичи ишканаларды түзүүгө аракет жасай башташыбыз зарыл. Айрыкча кайра иштетүүчү өндүрүшкө басым жасообуз абзел. Ошондой эле эл аралык стандарттарга туура келчү логистикалык борборлорду куруу керек. Аны менен биздин продукцияларыбыз экспортко көп чыга баштайт. Кийим тигүү өндүрүшү мыкты сапатка көтөрүлөт. Себеби, андан башка жолубуз жок. Мурункудай эптеп-септеп тигип жөнөтө берем деген адаттарды унутуу керек. Мурдагы Россия менен байланышы үзүлүп калган өнөр жай ишканалары жанданат. Тоо-кендерин өздөштүрүү үчүн Россиянын инвесторлору келиши да күтүлүүдө.

Башкарууда компетенттүүлүк талап кылынат

“Акыйкат” партиясынын лидери, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов:

–Россия көп жолу бизди кыйын кезеңде куткарып, жардам берүүгө колун созгон. Азыр да алар бул көмөгүн чын дилден көрсөтүп жатканына ишенем. Бирок, бул “биз өзүбүздүн бүт көйгөйлөрүбүздү Россиянын мойнуна артып салышыбыз керек” дегенди билдирбейт. Өлкөбүздөгү көйгөйлөрдү Евразиялык биримдикке мүчө болдук деп эле таштап койбой, дайыма өзүбүз чечүүгө тийишпиз. Бул баарынан мурда башкаруудагы компетенттүүлүктү талап кылат.

Тоо-кен өнөр жайы өнүгө баштайт

Техника илимдеринин доктору, профессор Кушбакали Тажибаев:

–Биринчиден, айыл чарба тармагы жанданат. Себеби, Россияга эт жана жашылча, жер-жемиштери көп ташылат. Азыр өзгөчө муктаж болуп турган учур. Албетте, кымбаттоолор болот. Бул дыйкандар менен малчыларга киреше алып келет. Элдин көбү айылда жашайт да. Ошондуктан, бул жакшы эле багыт. Бирок, шаардык, аз камсыз болгон эл кыйналып калышы мүмкүн. Албетте, мамлекет майып, жетим-жесир, кары-картаңдарды колдоодо жаңы шарттарга байланыштуу өзгөчө саясат жүргүзүү керек.

Ал эми өндүрүш жагын айтсам, тоо-кен тармагы жанданат. Россия тараптын ушул тармакка кызыгуусу байкалууда. Албетте, Казакстандан да инвестициялардын келиши күч алат. Беларусь Республикасы менен да соода-экономикалык байланыштар жанданат. Өзгөчө илим-билим жаатында байланыштар күчөйт деп үмүт кылам.

 Даярдаган Азизбек ЧАМАШЕВ