Кыргыздын залкар акыны, комузчусу, көсөмү Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдык мааракесин утурлай
КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов кыргыздын залкар акыны, комузчусу, көсөмү Арстанбек Буйлаш уулунун 190 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында акындын эстелигин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушууга СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков, академик Үсөн Асанов, Улуттук маданий борбордун директору Рыскул Боромбаев катышты. Жыйынтыгында Арстанбек Буйлаш уулунун айкелин жасоо белгилүү скульптор Тургунбай Садыковго жүктөлдү. Ал эми айкелдин өзү шаарыбыздын акындар аллеясына, Москва көчөсүнүн жээгине коюлары болжолдонууда.




Leave a Reply