кумтор
Бүгүн “Кумтөр” маселесин кароого чогулган парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы өзүнүн отурумунда «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакировду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу Өкмөткө сунуштоону фракция депутаттары бир добуштан колдошту.
Депутат Туратбек Мадылбеков сунушту коолдоо менен “Кыргызалтын” ишканасына Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн патриот адамдардан иштетүү керектигин айтты.
Фракция буга катар эле «Кумтөр Голд. Компанинин» мүлкүн улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорду колдоого алды. Ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнун мүлкүн улутташтыруу жөнүндөгү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну Өкмөткө тапшырды.
Динар Турдугулова