Айзада

Аталган дарскананын ачылышы менен  жаштардын кытай тилин жана маданиятын өздөштүрүүсүнө түрткү болору жана эки тараптуу маданияттын өнүгүүсүнө  салым кошору, ошондой эле сапаттуу билим алуу үчүн мында бардык шарттардын түзүлгөндүгү белгилүү болду. БГУнун Конфуций атындагы институттун мүдүрү, профессор Субай Анарбек жаңы ачылып жаткан дарсканага окутуу методикаларын үйрөтүүгө керектүү акыркы үлгүдөгү жабдыктарды, мультимедиялык программалар, окутуунун инновациялык ыкмалары менен кытай тилин окутуу, аудио-видео материалдарды берип жатып, аларды кантип колдонуу керектиги тууралуу айтып берди. Ал буга чейин да эки тараптуу кызматташуу келишиминин негизинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чыгыш тилдер бөлүмүнүн студенттерине окутуунун инновациялык ыкмалары, кытай тилин окутуу, аудио-видео материалдар менен камсыздап келген.  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Чыгыш тилдер бөлүмү 2008-2009-окуу жылында ачылган. Мындагы негизги максат Кытай тили жана адабияты адистиги боюнча бакалавр программасында эл аралык стандартка ылайык кытай филологиясы багытында билим берүү.

Тагыраак айтканда, Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөнкүдөй тармакта иштей алышат:

Орто мектептерде, атайын адистик окуу жайларда, тил борборлорунда мугалимдик кесип;

Изилдөөчү катары фонд жана долбоорлордо;

Менеджер катары мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, бизнес тармактарында котормо борборлорунда жана ар кыл басмаларда иштей алышат. Аталган окуу жайдын бул бөлүмүнүн алгачкы  9 бүтүрүүчүсү  2013-жылы аякташкан. Алардын ичинен жетөөсү кытайдагы алдыңкы университеттеринде магистратурада билим алып жатышат –деп Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Айзат Таласбаева маалымдады.

Айзада Дүйшөнбаева