кас

Кыргызстанда спорт комитетин, азыркы агенттикти кимдер гана башкарбады? Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевден баштап, спортчусу да, саясатчысы да башкарып көрдү. Бирок, кыргыз спорту өсүп, өнүгүп, өзгөрүп кеткен жок. Кайсы бир спортчу же команда эл аралык мелдештерде жеңсе мактап, жеңилип калса сындап эле жатып калмай адатыбыз бар.

Каражаттын тартыштыгы дайыма айтылып келет. Спорт агенттигинин мурдагы директору Мурат Саралинов акча каражаты убагында бөлүнбөй, убадасын аткара албай, өз каалоосу боюнча кызматын таштап кеткен.

КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин азыркы директору Кадырбек Эргешов бул кызматка быйыл 13-майда дайындалган. Мурдагы жетекчилерден айырмаланып, алгачкы эле маалымат жыйынында К.Эргешов:“Кеп каражатта эмес, акча проблемаларды чечпейт”, – деп айткан болчу.

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XVII Азия оюндарынан соң аталган агенттиктин айланасында кайрадан эле кайым айтышуу күчөп кетти. ММКларда бирин–бири айыптоо, сындоо, актанмай адаты кайталана баштады. Ушундан улам башкы спортчуга айрым суроолор менен кайрылдык.

– Бул кызматка келгениңизге 6 ай болуптур. Пландарыңыз, убадаларыңыз аткарыла баштадыбы?

– Азия оюндарынын башталаарына аз убакыт калганда келип өзгөртүп жиберүү кыйын. Ага чейин көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү керек болду. Эки ай Чолпон-Атада жүрдүм. Андан келип, Азия оюндарына жөнөп калдык. Азбы, көппү 6 медаль алып келдик.

– Олимпиадага даярдоо борборунун (ЦОП) жетекчиси Назирдин Акылбеков убагында каражат бөлүнбөйт, деп сизди күнөөлөдү. Коллегиялдуу чечим менен ишиндеги кемчиликтери үчүн 19-ноябрда сиз аны кызматтан бошоттуңуз?

– Акылбеков федерацияларга 21 млн. сом карызбыз деп чыкты. Өзү кол койгон 9 айлык отчетунда спортчулардын тамак-ашына 4 млн. сом ашыкча сарптаганы аныкталды. Буга ким жооп берет? Акылбеков жетектеген борборду текшерүү мага чейин эле башталган. 2011-жылы Эсеп палатасы текшерип, сапатсыз дары-дармектер менен витаминдерге миллиондорду чачканын аныктаган. Эки жолу сөгүш берип, кемчиликтерди четтетүүгө убакыт бердик. Аны аткара албады. Мына ушундан соң гана коллегиялдуу чечим кабыл алдык. Кемчиликтери толтура.

ЦОП өз милдеттерин так аткара албады. Акылбеков иш боюнча бир да сунуш бере алган жок. Болгону бир суроо менен кирет. Акча сурайт. Саат 9да жумушка келет, 6да кетет. Негизи Акылбеков 2012-жылкы олимпиададан соң кызматынан кетиш керек болчу. Себеби жыйынтыгы начар болгон.

-Коррупция, ашыкча чыгымдар жөнүндөгү сөздөр кайдан чыкты?

– Коррупция боюнча грек-рим күрөшүнүн башкы машыктыруучусу Канат Бегалиев айтканда мен аны чакырып, коррупцияны чогуу издейли дедим. Журналисттер түшүнбөй, ушундай жазып жиберишти деген жообун айтты.

Спорттук кийимдер боюнча аны бизге эрежеге ылайык улуттук олимпиадалык комитет (УОК) тандап берген. Азия олимпиадалык комитетинин президенти биздин спорттук форманы мыктылардын бири катары баалады. Баасына келсек, кайдан алышкан 54 миң сомго чыгарып жиберишиптир. Спорттук экипировка 9 түрдүү кийимдерден турат. Жалпы баасы 36 170 сомду түзөт. Биздин делегация эң аз санда болду. 98 адам барса, УОК 30 баланын жол кирелерин төлөп берди. Мага жана УОКтун жетекчисине регламент боюнча бирден коштоп жүрүүчү, жардамчы алып барууга укугубуз бар. Бирок, мен аялымды же тааныштарымды алып барган жокмун.

– Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновго эки жолу сөгүш берилиптир?

– Касенов алгач КМШдан келген коноктор алдында бизди уятка калтырган. Көчмөндөр оюндарында лицензиясы жок «Темир Канат» фирмасы менен келишим түзүп алган. Мындан сырткары өздөрүнө караштуу кичи аренаны ошол фирмага 35 жылга арендага берүүгө келишим түзүп алыптыр. Кичи аренадан ай сайын биздин мамлекеттик ишканага 100 миң сом түшүп турчу. Эми бул акча жеке менчик фирманын чөнтөгүнө түшүп калат. Ошондуктан эки жолу эскертүү алган.

– Эл аралык мелдештерде байге алган спортчуларды сыйлап жатып, Президент ийгиликтер менен кошо көйгөйлөргө да токтолгон?

– Каржылоо боюнча бизде аз да болсо берилгени менен кайтарымы аз болуп жатат. Мисалы, федерациялар акчаны алат, мелдешке барып келет, бүттү. Эч ким эч нерсе сурабайт.

– Башка өлкөлөрдө каржылоо кандай?

– Россияда бир олимпиада чемпионун даярдоо үчүн 2 млн., АКШда 4 млн. доллар бөлүнөт. Жакында эле бизге Венгриянын күрөш федерациясынын президенти келип кетти. Алардын бир жылдык бюджети 5 млн. доллар экен. Мисалы, араб өлкөлөрүнүн акчалары көп, бирок спорту өнүкпөй жатпайбы? Мен жогоруда айткандай, кеп акчада эмес. Колдо бар каражатты туура, сарамжалдуу пайдалануу керек.

– Спортту кантип өнүктүрөбүз?

– Чемпиондор айылдан чыгат. Региондордо жетим балдар үчүн интернаттар бар. Спорттук интернаттар менен класстар жок. Аларды ачуу үчүн Өкмөттүн токтому керек экен. Жер-жерлерде жок дегенде спорттук класстарды ачып, спортту өнүктүрсөк болот. Ушундай класстарды көбөйтсөк, спортко шыктуу, жөндөмдүү балдарды тандап алуу да өсөт.

Мен массалык спортту өнүктүрүү үчүн атайын топ түздүм. Спорттогу жаңы ачылыштар бизде пайдаланылбайт. Жаңы окуу китептери жазылбай калды. Бул багытта дайыма иш алып барчу методикалык бөлүм же борбор иштөөсү керек. 23 жылдан бери машыктыруучуларыбыздын деле билим деңгээлдери төмөндөп кетти.

– Дене тарбия жана спорт академиясы жардам бере албайбы?

– Алар мугалимдер менен телохранителдерди даярдап, машыктыруучуларды даярдабай калышты. Азыр бул академияны бизге баш ийдирүү маселеси каралып жатат. КМШда мындай окуу жайлар спорт комитеттерине баш ийет. Бизде билим берүү жана илим министрлигине баш ийип калган.

– Эмгек сиңирген машыктыруучуларыбыз, спорт залдарыбыз деле толтура. Эл аралык аренага эмнеге чыга албай жатабыз?

– Бизге медаль да, тарбия да, идеология да керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1500дөй жеке менчик залдар, клубдар бар. Ал жерде балдар эмне менен машыгып жатышат? Көзөмөлдөгөн киши жок. Ошондон улам азыр бизде спорттун агрессивдүү түрлөрү күчөп кетти.

– Аларды ким көзөмөлдөйт?

– Негизи биз көзөмөлдөп, биз лицензия берүүбүз керек. Бирок биздин андай укугубуз жок болуп турат. Машыктыруучулар боюнча аларга коюлган талаптар күчөтүлөт. Жыйынтыктап айтканда, каалайбызбы, каалабайбызбы спортто өзгөрүүлөр болот. Реформа жасабасак алдыга жыла албайбыз.

Экинчи тарап эмне дейт?

Эки жолу сөгүш алган спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновго жолугуп, жооп алдык.

 – Алмаз мырза, эки жолку сөгүш менен макул эместигиңизди билдирип жатасыз. Түшүндүрө кетсеңиз?

– Көчмөндөр оюндары башталаар алдында Ысык-Көлдө КМШнын спорт жетекчилери катышкан жыйын өткөн. Мен официалдуу чакырылбасам деле, доклад жасап, видеоролик көрсөтүп кой деген. Өзүмдүн оюмду айтып, биздикиндей улуттук борборлор КМШда түзүлсө, иштешүүгө жакшы болот эле деп койгом. Ушул сөзүм айрымдарына жакпай калыптыр. Болгону ушул.

– Кичи аренаны 35 жылга арендага берүү боюнча…

– Борбордук стадиондун жанындагы кичи аренаны Өкмөттүн токтому менен биздин борборго өткөрүп беришкен. Кичи арена деген эле аты болбосо, документтери жок экен. Архивден да таппай койдук. Бир жыл бою документтерин даярдап, калыбына келтирдик. Ушул жерге 5-7 миң орундуу үстү жабык универсалдуу спорт комплексин куруу үчүн конкурс жарыяладык. Ага чейин эле аренанын түндүк тарабын жеке бирөөгө берип коюшуптур. Конкурста уткан “Гильдия цеховиков” ассоциациясы арендага алып, инвестиция тарталы дешти. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бардык. Документтерибизди карап көрүп, туура экен дешти. Мен жөн эле берип койгон жокмун. Баары мыйзам чегинде болду. Конкурс өткөн, жарыясын “Эркин Тоо” ж.б. гезиттерге жарыялаганбыз.

Бизге бергенге чейин кичи арена мамагенттиктин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасына карап келген. Эмне үчүн алар документтерин карашкан эмес? Жөн эле арендага беришип, тыйындарын алып келишкен. Ал акчалар кассага түшкөнбү же бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшкөнбү-белгисиз. Стадион же спорткомплекс курууну ойлошкон да эмес. Мамлекеттик мекемелерге караштуу имараттар арендага берерде Маммүлк фонду аркылуу келишим түзүүлөрү керек.

Мамагенттиктин директору К.Эргешов 2010–2012-жылдары жогоруда биз сөз кылган мамишкананын директору болуп турган. Эргешов ошол кезде кичи аренанын документтерин тактап, мыйзамдуу түрдө иштеткен эмес. Булардын Маммүлк фондун айланып өтүп, мыйзамсыз келишимдерди түзүп акча алып жүргөндөрү туурабы, же мыйзам чегинде конкурс өткөрүп, мамлекеттен бир тыйын албай, демилге көтөргөн меники туурабы?

Президентибиз: “ Жетекчилер демилге көтөрбөй жатат”,- деди. Демилге көтөрүп, пайда келтирейин десең, чиновниктер ушинтип бут тосушат. Мен жер сатсам бир жөн, инвестиция тартайын деп аракет кылдым. Биздин жобого ылайык, мен кичи аренаны арендага бере алам, инвестиция тарта алам. Бүт баары мыйзам чегинде болгон деп эсептеймин.

Акылбековдун ордуна Майназаров

19-ноябрда кызматынан четтетилген Н.Акылбековдун ордуна 20-ноябрда ЦОПтун жаңы жетекчиси болуп Үсөнкан Майназаров дайындалды. Майназаров оор атлетчи катары өлкө намысын коргоп, бир катар ийгиликтерди жараткандыгы менен белгилүү. Буга чейин оор атлетикадан Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп турган. Акылбековго кайрылып жообун угалы десек, чөнтөк телефону өчүрүлгөндүктөн байланыша албадык.

4 жылда 6 директор

Эгемендикти алган жылдардан бери спорт агенттиги кандай гана аталыштарды албасын, абал өзгөргөн жок. 2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан бери К.Эргешов 6-директор болуп келди. Айтмакчы, бүгүн спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборун жетектеп турган Алмаз Касенов 2010-2011-жылдары 11 ай спорт агенттигин жетектеген. Мындай алып карасаң, соңку жылдары спорт агенттигин башкаргандар, буга чейин коюн-колтук алыша чогуу иштешип келишкен. Баары эмгек сиңирген машыктыруучулар. Тажрыйбалуу адистер, бирок кыргыз спортун көкөлөтө алышпай келет. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйбү, дегендей, кадрлар баарын чечпей калганбы?

Кыргыз спорту эмнеден аксап жатат? Бул багытта ой бөлүшкүсү келгендер болсо, редакциянын эшиги ачык.

 Асан ЖУНУСОВ