спортсыйлыгы1

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты 2014-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан эл аралык мелдештердин жеңүүчү спортчуларын салтанаттуу сыйлоо үчүн алардын толук эмес тизмесин бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентинен тиешелүү акчалай сыйлыктарын албай калган жеңүүчү спортчуларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги сыйлаары тууралуу буга чейин маалыматтар катылган.

Оболу спортчуларды сыйлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген тизменин негизинде даярдалгандыгын белгилеп кетүүгө тийишпиз. Ошондо Мамлекет башчысынын буйругунун долбоорун даярдаган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмү тарабынан Мамлекеттик агенттикке тизмеге толуктоолорду киргизүү үчүн жетиштүү убакыт берилген. Кыргыз Республикасынын Президенти сыйлай турган спортчулардын  тизмесине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бир нече жолу кошумча фамилиялар киргизилгендиги белгилеп кетүүгө татыктуу.

2014-жылдын 22-октябрында Мамлекет башчысы эл аралык мелдештерде байге алган 39 спортчуга жана алардын машыктырууларына жалпы суммасы 8 миллион 202 миң сом болгон акчалай сыйлыктар тапшырылган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин орой катачылыктарынын кесепетинин аркасында эл аралык спорттук чоң мелдештерде жогорку жыйынтыктары үчүн акчалай сыйлыктарга татыктуу жеңүүчү-спортчулар толук киргизилбей калган тизмени тактап жатат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин тизмесиндеги бардык так эместиктер такталгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан акчалай сыйлыктарды алууга укуктуу болгон, бирок агенттиктин айынан сыйлыктары берилбей калган жеңүүчү-спортчулар жакын арада тиешелүү сыйлыктарын алышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Президенттик сыйлыктарды тапшыруу үчүн спортчулардын тизмесин берүүдө орой катачылыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керек деп эсептейт. Анын кесепетинен бир катар спортчулар жана машыктыруулар эл аралык ири мелдештерде жетишкен жогорку жыйынтыктары үчүн татыктуу болгон сыйлыктарын өз убагында албай калышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогон спортчуларды мамлекет тарабынан колдоо ишине өзгөчө маани берет.