Курулуш-2015
Акыркы жылдары көз жоосун алган кооз, заманбап үлгүдөгү курулуштардын пайда болушу борбор калаабызды көркүнө чыгарууда. Бишкекте гана эмес, өлкөбүздүн бир топ аймактарында курулуш жанданып жатат. Бул тармактын өнүгүшү менен экономикалык абалыбызда жылыштар байкалууда. Ошол эле учурда мыкты архитектуралык стилдеги турак үйлөр талапка жооп береби же жокпу деген өңдүү маселелер да жок эмес. Ошондон улам гезитибизге Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кемчиликтерин да, артыкчылыктарын да жыл бою калыс чагылдырып турууну туура көрдүк. Көз жүгүртөлү, байкайлы, салыштыралы. Жыл соңунда, урматтуу окурмандар, сиздер менен биргеликте жыйынтыгын чыгарып, сапаттуу курулуш компаниясын аныктайбыз. Добуш берүү “Эркин Тоо” гезитинин расмий сайтында жүрөт.
Бул боюнча, курулуш компанияларын кызматташууга чакырабыз!


Leave a Reply