«Курманжан Датка» тасмасы Кыргызстандын коомдук телеканалы аркылуу көрсөтүлөт
«Курманжан Датка» тарыхый тасмасын башында Кыргызстандын коомдук телеканалы аркылуу 2015-жылдын 31-августунда көрсөтүүнү пландаганбыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында тасманын продюсери Фархад Бекмамбетов маалымдады.
«Бирок пираттык аракеттерден улам, сыналгы аркылуу 2015-жылдын 8-мартында көрсөтөбүз. Бул тасманы дүйнөлүк деңгээлде жылдырдык жана тасма Кыргызстанда эле эмес бүт дүйнөдө сатылышы үчүн аракеттендик. Бирок пираттык аракеттер биздин ишке тоскоол болду», – деди ал.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА
Leave a Reply