корь1

Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагында кызамык менен ооругандардын саны 39 га жетти. Бул тууралуу аталган аймактын ооруканасынын башкы директору Айжамал Элчиева билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан келген студенттерден жуктурушкан. Учурда кызамыктын алдын алуу, андан ары тарап кетпөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлдү. Дарыгерлер Кулунду, Бешкент, Жаңы-Жер жана Маргун айылдарында эл менен жолугушуп, ооруну алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Адыл АКМАТОВ, Баткен облусу