КТРКнын башкы директорун шайлоо 23-ноябрда өтөт
КРнын коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директорун шайлоо 23-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңеши АКИpress агенттигине билдирди.
Мурдараак маалымдалгандай, сынактын 3-туруна сынакка катышуу үчүн арыз берген 10 талапкердин бардыгы тең өткөн. Сынактын акыркы туру, тактап айтканда 4-тур 23-ноябрда добуш берүүнүн алдында өтөт.
Бул маектешүү түрүндө болуп, анын жүрүшүндө ар бир талапкер кеңешке КТРКны өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасын көрсөтөт.
КТРКнын башкы директору жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Эгерде, добуш берүүгө Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 аз эмеси катышса шайлоо жарактуу деп эсептелет. Бар мүчөлөрдүн 2/3 бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер жеңүүчү деп табылат.
Эгерде, талапкерлердин бири да белгиленген сандагы добушка ээ болбосо, анда Байкоочу кеңештин ошол эле жыйынында кайталап добуш берүү жүргүзүлөт. Кошумчалай кетсек, учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар.
Шайлоого катышуу үчүн арыздарын: Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев, Султан Жумагулов жана Назаркул Жоошбаев беришкен.
Булак : Баракелде

Leave a Reply