Чыны

чыны1

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун калеминен жаралган «ЖалынТоо» аттуу ырлар жыйнагынын жүз ачар аземи 30-октябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинде  болду

Саясаттын чок ортосунда турган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин эки ортодо ыр китеп жаза калганы чанда кездеше турган факт. Адатта, чоң саясатта жүргөн адамдар качан кана пенсияга кеткенде мемуар жазып жүргөндөрүн көрүп жүрөбүз. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун саясатты да, поэзияны да кошо ала жүргөнү жанында эле жүргөн саясатчылар үчүн күтүүсүз окуя болду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Чыныбай Турсунбековдун акыркы жылдары жазган ырлары, мурунку китептеринен алынган тандамалары киргизилген «Жалын-Тоо» аттуу китеби жакында эле басмадан чыккан. Анын жүз ачары 30-октябрда Кыргыз-Түрк Манас университетинде Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттардын, республикага жакшы таанымал акын-жазуучулардын, студенттердин, ыр күйөрмандарынын катышуусу менен өткөрүлүп, Чыныбай Турсунбековдун мурунку чыгармачылыгы жагынан кабары бар адабиятчылар, акын-жазуучулар «Жалын-Тоо» китебинин жүз ачар аземинде сүйлөгөн сөздөрүндө саясатка баш оту менен киришип кеткен кишинин адабиятка, поэзия дүйнөсүнө кайра кайрылып келиши кыйын, кыргыз адабияты бир жакшы акынынан айрылды деп түңүлүп калдык эле дешти.

Ошондой эле аталган ыр китеп, андагы айыл жыттанган, карапайым адамдар жыттанган,  бул жашоону адилетсиздиктен, кошоматчылыктан, караөзгөйлүктөн тазалагысы келген, энени, баланы, туулган жерди сүйгөн, карапайым, жөнөкөй, ошол эле учурда калбаат, мазмууну терең, учкул жана аруу ырларды өзүнө камтып, кыргыз адабиятынын майданына жалындап учуп кириптир.

Ушул жаңы чыккан «Жалын-Тоо» китеби боюнча дасыккан адабиятчылар, саясатчылар, илимпоздор жакшы пикирлерин ортого салышып, чоң саясаттын чордонунда кайнап жатып эле поэзиянын аруу дүйнөсүнө аралашып кете алган акын, саясатчы, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго чыгармачылык ийгиликтерди каалашканы айтылат.

Белгилей кетсек, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Трсунбеков Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, андагы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, эл аралык конкурстардын лауреаты.