чыныбай1

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков  29-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы бир катар айылдык кеңештердин депутаттарын, айыл активисттерин кабыл алды.

Алгач фракция лидери Чыныбай Турсунбеков өлкө турмушундагы коомдук-социалдык абал жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган райондун Балбай айылынан келген Шаршенбек Исаков январь айынын ортосунда КСДП тарабынан Ысык –Көл облусунун аялуу катмарына таратылган акысыз көмүр үчүн ыраазычылык билдирип, жазгы талаа жумуштарына да муктаж болгон үй-бүлөлөргө  күйүүчү майдан жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал эми Санташ айылдык кеңештин депутаты Кенжебек Балтабаев аталган айылда 960 гектар жер буга чейин бир эле адамга 49 жылга ижарага кетип калганын айтып, жерди ижарага берүүнүн мөөнүтүн азайтуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү сунушун билдирди.

Депутат Ч. Турсунбеков берилген суроолорго жооп берип, айтылган сунуштарды карап чыга тургундагын билдирди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы маалымдады.