КСДП фракциясы кесиптеш-депутаттарды да, депутаттардын туугандарын да калкалабайт

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасын күнөөлү же күнөөлүү эмес деп айтуудан мурда соттун чечимин күтүү керек, деп билдирди КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева бүгүн, 25-ноябрда АКИpress агенттигине К.Кадыралиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип жатып.
Д.Ниязалиеванын айтымында, аталган маселе фракцияда каралган жок.
«Бирок, биздин фракция мурдараак, депутаттардын жакындары эле эмес, биздин кесиптешибизди жоопкерчиликке тартуу тууралуу болгон маселеге эч качан аралашпай тургандыгыбыз тууралуу чечим чыгарган. Бул маселе боюнча биздин буга чейин болгон бир гана позициябыз бар — күнөөлүүлөр жазаланышы керек, ал эми мыйзам бардыгыбыз үчүн министр, депутат жана анын жакындары үчүн да бирдей. Ошондуктан, КСДП фракциясы бул маселеге бирдей мамиле кылат — биз депутатты калкалабайбыз, Жогорку Кеңешке андан депутаттык кол тийбестикти алып салуу жөнүндө көрсөтмө түшкөндө депутатты жана депутаттын туугандарын да калкалабайбыз», – деди Д.Ниязалиева.
«Мен өзүмдүн кесиптешиме абдан жакшы мамиле кылам, балким, ал менден жаш курагы боюнча кичүүдүр, бирок бизде жакшы мамиле түзүлгөн. Ошондуктан, мен аны моралдык жактан дайыма колдоого аракет кылам. Ал азыр жүрүп жаткан процесс жөнүндө эч кандай комментарий бербеши керек деп ойлойм. Азырынча Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу эч ким айта албайт. Муну сот гана аныктайт жана бизде – жазыксыздык жоромолунун ченеми иштейт. Бизде бул маселе боюнча иш алып бара турган тиешелүү органдар бар. Баарынан мурда ар бир депутат үчүн чындыктын болушу маанилүү. Бирок, басым кылуу жана өзүнүн кызматтык абалынан пайдалангандык жөнүндө сөздөр болбошу үчүн, депутаттар мындай учурда тергөө процессине комментарий бербеши керек. Мен Ыргал Карымшаковна Кадыралиева менен сүйлөштүм. Ал дагы ушундай эле пикирде. Ал ачык жана түз айткан адам. Ошондуктан, жакшысы соттун чечимин күтүү керек деп ойлойм», – деп кошумчалады Д.Ниязалиева.
Булак: Баракелде

Leave a Reply