КРнын улуттук курама командаларынын олимпиадалык даярдыктар борборунун директору болуп Ү.Майназаров дайындалды

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул тууралуу тиешелүү буйрукка бүгүн, 20-ноябрда агенттиктин директору Кадырбек Эргешов кол койду. Ошондой эле, жаңы директор жамаатка тааныштырылды.
Буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командаларынын олимпиадалык даярдыктар борборунун директору Насирдин Акылбеков эмгектенген.
Кошумчалай кетсек, Ү.Майназаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, ошондой эле эл аралык класстагы спорт чебери.
СССР курама командасынын курамына кирген Ү.Майназаровдун активинде 1989-жылдагы СССР чемпионатынын алтын медалы бар. 1993-жылдагы Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси жана 1994-жылы Ирандагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болуп табылган.
Leave a Reply