КРнын таэквондо Ассоциациясы аларга карата айтылып жаткан айыптоолор боюнча түшүндүрмө беришет
КРнын таэквондо Ассоциациясы коммерциялык уюмга айланып калды, деди бүгүн, 28-октябрда AKИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Жогорку категориядагы машыктыруучу, спорт чебери Убайдула Тохтурбаев.
«Спортчулар түстүү курларды жана кара курду коргоодо акча төлөшөт. Мындай саясатка каршы чыккандарга коркутуулар болуп жатат. Азыркы учурда Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Кыргызстан таэквондо боюнча эң акыркы орунда турат»,- деди ал.
Маалымат жыйындан кийин, жыйындын катышуучуларын журналисттер менен чогуу уккан таэквондо Ассоциациясынын жетекчиси Алексей Пак, машыктыруучулар айткан ар бир факт боюнча алар дагы маалымат бере тургандыктарын билдирди.
«Биз ар бир факт боюнча маалымат жыйын беребиз. Коркутуу боюнча: ар ким ар кандай кабыл алат. Таэквондону өнүктүрүүгө 20 жылдан бери аракет кылып келе жаткандар бар», – деди Ассоциация жетекчиси.
Булак: Баракелде

Leave a Reply