шарипа1- шарипа-

Бүгүн, КР УИАнын химия жана химиялык технология институтунун директору,  Шарипа Жоробекованы юбилейлик датасы (70 жыл) жана илимдеги, коомдук ишмердиктеги 50 жылдык эмгек жолу менен КР Президенттин аппаратынын жетекчиси Д.Нарынбаев,  КР УИАнын жетекчилиги, окумуштуулар: академик, философия илимдеринин доктору А.Какеев, академик А.Матубраимов ж.б., шакирттери кызуу куттукташты.

Куттук айткандар юбилярдын илимдеги ордуна, коомдук иштеги ишмердигине, адамгерчилик сапаттарына жогорку баа беришип, кошкон салымдарын айта кетишип, илимдеги жаңы белестерди каалашты.

Маалымат үчүн:

Жоробекова Шарипа 1945-жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Орто-Каирма айылында төрөлгөн. 1966-жылы КУУнун химия факультетин, 1969-жылы  аспирантурасын аяктаган. 1969-жылдан баштап университеттин химия факультетинде ассистент, окутуучу, ага окутуучу, ал эми 1972 – 1978-жылдары доцент болуп иштеген. 1978 – 1992-жылдары физикалык жана коллоиддик химиянын кафедра жетекчиси, 1992 – 1994-жылдары КУУнун химия жана химиялык технология факультетинин деканы, 1994-жылдын  2003-жылына чейин химия жана химиялык технология институтунун директору болгон. 2003-жылдан– 2007-жылга чейин КР УИАнынвице- президенти болуп эмгектенген. 2007-жылдан 2008-жылдын февраль айына чейин КР УИАнын президентинин милдетин аткаруучусу, 2008-жылдын 29-февралынан 2012-жылдын апрель айына чейин КР УИАнын Президенти болуп эмгектенген. Учурда химия жана химиялык технология институтунун директорунун милдетин аткаруучу болуп иштөөдө.

Шарипа Жоробекова – химия илимдеринин доктору, профессор. 1997-жылы КР УИАнын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган, ал эми 2000-жылы КР УИАнын анык мүчөсү (академик) болгон.

Ш.Жоробекованын жетекчилиги жана тикелей катышуусу менен гумустуу заттардын жана башка табигый полимерлердин биологиялык, биохимиялык жана экологиялык процесстеринде функциялоочу механизмдерин орнотууга багытталган бир катар фундаменталдык изилдөөлөр аткарылган. Шарипа Жоробековна тарабынан гумустук кислоталардын физико-химиялык касиеттерин жана реакциялык жөндөмдүүлүгүн принципиалдык жаңыча жана көп түрдүү тең салмактуу жолдор теориясына негиздөө менен мүнөздөмө берүү ыкмасын иштеп чыккан. Гумус заттарынын биосферадагы химиялык элементтеринин кыймылдуулугуна жана миграциясына катышуусу жана таасир кылуусу жөнүндө теориялык көз караштардын өнүгүүсүнө орчундуу салым кошкон.

Жаңы, физиологиялык активдүү бирикмелерди жана препараттарды синтездөөгө багытталган технологияларды иштеп чыгуу максатында биологиялык активдүү заттарды моделдөө боюнча изилдөөлөрдүн циклы аткарылган. Салицил кислотасынын полимердик аналогу синтезделген. Медициналык тармакта керектеле турган ферменттик препараттардын сезгенүүгө каршы пролонгаторлорун алуу үчүн синтезделген полимерлерди пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн.

Окумуштуунун күнүмдүккө пайдаланганга керектүү көптөгөн иштери Павлодар алюминий заводунда (Казакстан) Николаеводогу топурак-жер заводунда (Россия), Санкт-Петербург шаарындагы алюминий-магний ИИ Институтунда ишке киргизилген.  Илимдеги жетишкендиги үчүн 2006-жылы илим жана техника тармагындагы КР Мамлекеттик премияга татыктуу болгон.

Ш.Жоробекованын 300 ашык илимий иши, анын ичинде 19 монографиясы жана китеби бар. Жыйырмадан ашык автордук күбөлүк жана патентке ээ. Илимий иштердин жыйынтыктары АКШ, Япония, Улуу Британия, Евробиримдик Союзунда өткөн Эл аралык илимий форумдарда талкууланган.

Ш.Жоробекова тарабынан мыкты илимий мектеп түзүлгөн. Ал 5 илимдин  докторун жана 18 илимдин кандидатын даярдаган.

Ш.Жоробекова – КР илимине эмгек сиңирген ишмер (2009-ж.), Ленин Комсомолу Премиясынын Лауреаты(1977-ж.), эл агартуунун отличниги (1972-ж.). «Данк» медалынын (2009-ж.), «Звезды Содружества»  Мамлекет аралык премияларынын (2013-ж.) ээси. Бул тууралуу КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү маалымдады.