Атамбаев 2
Кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги IV жыйыны өттү.
Отурумда негизинен эки негизги: “Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” маселеси боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечиминин аткарылышы тууралуу жана 2013-2017-жылдар мезгилинде өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын Өкмөт тарабынан ишке ашырылышы, ошондой эле Бажы биримдиги, энергетика, сот реформасы ж.б. туурасында да сөз болду.
Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 25-апрелиндеги жыйында шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча маанилүү маселе каралгандыгын, кыйла талаш-тартыштан соң 2015-жылы шайлоолордо пайдалануу үчүн биометрикалык маалыматтарды жыйноону техникалык жактан камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн дарегине катуу сын айтылганына токтолду. “Жагдайды оңдоо боюнча Өкмөткө кыска мөөнөт берилген. Эми ушул мезгилдин аралыгында аткарылган иштер туурасында Улуттук кеңештин мүчөлөрү уга турган учур келди”,-деди мамлекет башчысы. Президент шайлоолорго 2015-жылдын бюджетине жетиштүү каржылык каражаттар каралган, каралбагандыгына, дегеле шайлоолор жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө эмне тоскоол болуп жаткандыгына кызыкты. “Биз 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго бир жыл калганга чейин шайлоолор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү аяктайбыз деп пландаштырган элек. Бул маселени кечеңдетүүгө болбойт. Шайлоолордогу эрежелер алдын ала белгилүү болгону жакшы. Коом, саясий партиялар шайлоолор өткөрүлө турган туруктуу эрежелердин кабыл алынышын күтүп жатат”, – деди Алмазбек Атамбаев.
Анын айтымында, парламенттик шайлоого бир жыл гана убакыт калгандыктан, бул убакыт аралыгында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, ал боюнча коомчулук эртерээк маалымдар болушу керек.
Ал эми БШК төрагасы Туйгунаалы Абраимов кеңештин отурумунда азыркы тапта шайлоочулардын тизмесинин дээрлик 95%ы такталып калгандыгы тууралуу маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда шайлоону өз деңгээлинде өткөрүү максатында зарыл техникалык каражаттарды алуу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ал шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн биометриканы сөзсүз киргизүү зарылдыгын айтып,  маалыматтар базасында биометрикалык маалыматы жок болгон шайлоочуну шайлоого киргизбөө боюнча мыйзамдык норма бекитүү керек деп эсептейт.
Алмазбек Атамбаев добуш берүүнүн мажоритордук системасын (өз аймагынан көп добуш алган талапкер парламентке шайланды деп эсептелген система) сынга алып, 2015-жылдагы ЖК депутаттарын шайлоого эски мыйзамдын негизин алууга чакырды. «Кийинки жылы негиз катары парламенттик жана президентик шайлоолорго талапкерлерди жана партиялардын санын чектөө бөлүмүнө маанилүү эмес толуктоолорду киргизип эски шайлоо мыйзамын алуу керек. Шайлоолорго 29-30 партия катышканынан пайда жок», – деди Атамбаев.
Жыйында Бажы биримдигине кирүү тууралуу кеп козголуп, бул боюнча жалпысынан 112 мыйзам долбоорунун болгону 16сы гана парламентке келип түшкөнүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айтып өттү. «Биз керектүү мыйзам долбоорлорун 10-декабрга чейин кабыл алышыбыз керек. Андан кийин Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча макулдашууга кол коюлушу абзел. Аны жыл аягына чейин ратификациядан өткөрүп үлгүрүп калышыбыз керек. Өкмөт мыйзам долбоорлорунун тездетиши керек», – деди ал. Президент Бажы биримдигине кирүү зарылдыгын айтып, жеңилдиктер, гранттар болуп жатканда уюмга кирүүгө шашылганыбыз оң деген пикирин билдирди.
Динар Турдугулова