Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда иш сапары менен болуп, жазгы айдап себүү талаачылык иштерине болгон даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөрү жана коомчулук менен болгон кеңешмеде суугат иштерине басым жасалды. Анткени, былтыркы жылы кургакчылык болуп, эгин талааларында түшүмдүн аз болушу дыйкандарга бир топ кедергисин тийгизген.

Үстүбүздөгү жылы сугат иштерин колго алуу дыйкандарга өбөлгө болмокчу. Андыктан, Жети-Өгүз районунун жер-жерлеринде ыкчам бригадалар түзүлүп, алар коомчулукка суу бөлүштүрүүдө тартипти катуу көзөмөлгө алышаарын билдиришти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Быйылкы жылы Жети-Өгүз району үрөндүк даярдоодо 88%, ал эми айдап себүүдө техника шаймандары 60%га даяр болгондугун Жети-Өгүз айыл чарба башкармачылыгын башчысы.

29

30

31

32