Өкмөт «Калыс-Ордо» конушунда кытай ишканасына жаңы технологиялар боюнча кура турган мектептин курулушуна уруксат берди
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушул жылдын 13-ноябрында «Калыс-Ордо» конушунда эксперименталдык долбоор болгон мектептин курулушу жөнүндө токтомго кол койду.
«Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» конушунда Теbian Electric Apparatus Stock кытай ишканасы кайтарымсыз негизде бөлүнгөн каражаттардын эсебинен куруп жаткан жалпы билим берүү мектебинин долбоорлонушу жана курулушу, жаңы конструктивдүү чечимдерди, жаңы курулуш техникаларын, дүйнөлүк стандартка жооп берген конструкциялар жана жабдууларды жана инженердик камсыздоо системасын, прогрессивдүү технологиялар колдонуу менен курулган эксперименталдык долбоор болуп саналат»,- деп жазылат токтомдо.
Бишкек шаардык мэриясына Мамархкурулушка караштуу сейсмология жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту менен келишим түзүү жана эксперименталдык объектти куруунун жана долбоорлонун ишке ашышынын жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мониторингин ишке ашыруу сунушталды.
Мамархкурулушка Мамэкотехинспекция менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясына эксперименталдык объектти курууда жана пайдаланууга берүүдө жардамдашуу тапшырылды.
«Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү» ААК жана «Түндүкэлектр» ишканасына долбоорго ылайык эксперименталдык объектти курууда талап кылынган электр кубаттуулугун камсыздоо тапшырмасы берилди.


Leave a Reply