лаврова

 Кийинки жылы Бажы кызматы менен Салык кызматы Орусиядан кайрадан грант сурабагандай иштеши керек,-деди КР каржы министрли Ольга Лаврова Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-декабрдагы отурумунда.

Парламенттин отурумунда «Кыргыз Републикасынын «КРнын 2015-жылдагы бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолдоолор жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

Мурдараак депутат Дастан Бекешев («Ар-Намыс») Орусия Федерациясынан алынган 30 млн доллар грант кайда кеткендигине кызыккан.

Ооба, каражат ресурстук бөлүккө кирген, Орусия Федерациясы Мамлекеттик бажы кызматы менен Мамлекеттик салык кызматынын чогултуунун эсебинен төмөндөгөн кирешесине грант берген, деди министр.

Бюджет эмгек акыга кетип жаткандыгын айткан депутат атка минерлер уламдан улам көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, 2012-жылы мамлекеттик кызматкерлердин саны 991 адамга, ал эми 2013-жылы 1050 адамга кыскартылган.

«Экономиканын түзүмү дайыма өзгөрүп турат, биз кошулган инструменттердин бардыгы кийинки жылы иштеши үчүн аракет кылабыз», – деди Т.Сарпашев.