“Кербен” чек ара тозотунда жаңы имараттын ачылыш салтанаты болуп өттү

2014-жылдын 4-ноябрында Ала-Бука чек ара кошуунунун “Кербен” чек ара тозотунда жаңы имараттын ачылышына байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү. Пайдаланууга өткөрүлүп берилип жаткан имаратта кызматтык бөлмөлөр, ошондой эле 40 адамга эсептелинген бардык шарттары каралган жатакана бар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-ж. 30-майындагы №219-р “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын жана курулуштарын жергиликтүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү” Тескемесин талабын жигердүү ишке ашырууда.
Бул документти реализациялоо максатында республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле эл аралык уюмдардын аскердик-техникалык жардамынын алкагында чек ара инфраструктураларынын курулушу ишке ашырылууда.
2014-жылдын 4-ноябрында, чек ара тозотунун аскер кызматкерлери Кербен шаарындагы балабакчанын имаратын бошотуп беришти.
“Кербен” чек ара тозотуна жаңы обьектилердин курулушун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы АКШнын Борбордук колбашчылыгынын (ЦЕНТКОМ США) “Бангизат менен күрөшүү программасы” менен биргеликте ишке ашырды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы “Кербен” чек ара тозотунда спорттук шаарчасынын, кампа имараттарынын, жоокерлердин мончосунун курулуштарына жана унаа токтоочу боксунун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө акча каражаттарын бөлүп берген. АКШнын Борбордук колбашчылыгы болсо кызматтык бөлмөлөрдүн, жана контейнердик жатакананын курулушун, ошондой эле кызматтык жана турак жай бөлмөлөрдүн эмерек, тиричилик техника, ашкана идиш-аяктары менен камсыздалышын каржылаган.
Жаңы комплексти кабыл алуу – өткөрүп алуу иш-чарасына КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Калмурат Байтолоев, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын жана Ала-Бука чек ара кошуунунун колбашчылыгы, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын, ошондой эле жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.




Мээрим Дүйшөналиева

Leave a Reply