“Кемин” подстанциясы ишке кирди
Кыргызстандагы ГЭСтердин дээрлик бардыгы Союздун учурунда курулган. Мисалга ала турган болсок, алар Токтогул ГЭСи баштаган, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон жана башкалар. Бир гана Камбар-Ата-2 ГЭСи кийинки жылдары курулду. Анын деле курулуш иштеринин 60 пайызы Союз учурунда бүткөрүлгөн. СССРдин тушунда Кыргызстанда курулган ГЭСтерден өндүрүлүп чыгарылган электр энергиясы Орто Азия республикаларынын бирдиктүү системасына туташтырылган эле. Ал шакекчеге Кыргызстандан башка Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан республикалары кирген.
Мисалы, өлкөбүздүн аймагынан өндүрүлгөн электр энергиянын 40 пайызы азыркы күнгө чейин Өзбекстан, Казакстан республикаларынын аймагынан өтүп, түндүк регионго келет. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери ошол электр энергияларды өз аймактарынан өткөрүп бергендиктери үчүн кошуна өлкөлөргө акы төлөйбүз. Ал үчүн Кыргызстан жылына 8-9 миллионго жакын доллар төлөп келүүдө. Ушундай көз карандылыкты жоюу үчүн “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы подстанцияларды куруп, аларды бири-бирине туташтыруу долбоору ишке ашырыла баштады. Кудай буюрса, ушул ири долбоор 2015-жылы август айында аягына чыгат. Ошону менен Кыргызстандын өзүнүн ички энергетикалык шакекчеси түзүлөт да, бул жагынан коңшу өлкөлөргө болгон көз карандылыктан биротоло кутулабыз.
Курулуш тез жана сапаттуу бүттү
Убакыт учкул куш дегендей, быйылкы жылдын 15-декабрынан тартып “Кемин” жаңы көмөк чордону иштей баштады. Муну 28-ноябрда Бишкектен журналисттердин жоон тобу барып, өз көзүбүз менен көрдүк. Ушул жерден НЭСК компаниясынын аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев аткарылган иштер тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул долбоор бир эле жылда тез жана сапаттуу курулуп бүттү. Тактап айтканда, “Кемин” подстанциясынын курулушу былтыркы жылы октябрь айынын башында башталган. Быйылкы кышка карата “Быстровка” подстанциясынын тутумуна кирген 8 линияны “Кемин” көмөк чордонунун 220 киловольттук режимине коштук. Бул жерден Ысык-Көл, Нарын облустарынын чубалгылары менен туташтырылды. Башкача айтканда, эки облустагы “Ысык-Көл-1”, “Ысык-Көл-2” жана “Ак-Кыя” подстанцияларына Чалдыбардагы “Фрунзенское” көмөк чордонунан келген электр энергиялары эми “Кемин” аркылуу өтө баштады.
Азыр автотрансформациялардын бардыгы коюлуп, учурда бул жагынан 220 киловольт бергенге даярбыз. Учурда алар алдын ала сыноодон өттү. Ушуларды кошкондо бул жердеги реактордон 300 мегавольт ампер кубаттуулук алабыз. Ошондо “Кеминге” келген 220 киловольттук электр энергиянын кубаттуулугун жогорулатат. Анткени, кышында электр энергияны колдонууга көп басым түшкөндө, кубаттуулукту жогорулатуу менен гана ушул көйгөй чечилет. Демек, республикабыздын түндүгүнө сапаттуу электр энергия бергенге толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондуктан, быйылкы кышта электр энергиясын калкка жеткирүү боюнча проблемалар азыраак болот.
Электр энергияны ташуу көз карандысыздыгынан кутулабыз
Ал эми жалпы “Датка-Кеминдин” узундугу 405 километр. Ага карата жогорку чыңалуудагы чубалгыларды туташтырып туруучу 429 темир түркүкчө орнотулары каралган. Азыркы учурда коюла элек 65 эле түркүкчө калды. Кудай буюрса, 2015-жылдын август айында “Датка-Кемин” долбоору толугу менен ишке берилет. Ошондо биз Өзбекстан, Казакстан аркылуу түндүк регионго алып келип жаткан электр энергиянын баарын өзүбүздүн ушул “Датка-Кемин” подстанцияларына туташтырылган жогорку чыңалуудагы чубалгыларыбыз менен ташый баштайбыз.
Бул мурда Токтогул ГЭСи баш болгон ГЭСтерибизден чыккан электр энергия Өзбекстан жана Казакстандын аймактарын айланып өтүп, анан гана Чалдыбардагы “Фрунзенское” деген 500 киловольттук подстанция аркылуу түндүк регионго таркатылчу. Биз ушундай көз карандылыктан кутулуп жатабыз. Кыскасы, жакында Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу камсыздалат деп ишенимдүү айтсак болот. Ошентип, элибиз көптөн бери кыялданып келе жаткан тилектердин бири ишке ашууда. Албетте, ушул ири долбоорду демилгелеп жана тез арада ишке ашыруунун башында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзү турду. Ошон үчүн долбоорду ишке ашырууда келип чыгуучу бажы жана салык пошлиналарынан кредиттик келишим түзүлүп жатканда эле бошотулган. Бул – чоң жеңилдик. Долбоордун тез бүткөнүнүн бир себеби да ушул.
Бийик ашуулар тоскоол болбоду
Ири долбоор болгондуктан, кыйынчылыктар да орун алды. Негизи эле “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы чубалгылар өтүүчү аймактар дүйнөдөгү эң татаал жана оор трасса деп, эл аралык эксперттер баа берип жатышат. Себеби, буга чейин Тажикстандын да түндүгү менен түштүгүн туташтырган жогорку чыңалуудагы чубалгылар курулганы белгилүү. Бирок, биздики куруу боюнча алардыкынан да оор болду. Анткени, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы чубалгыларды тартыш үчүн чоң беш белден өтүүгө туура келген. Алар: Базар-Коргондон чыга бериштеги Шалдырак, андан кийинки Каргыш, Тер-Жайлоо жана Кырк-Кыз, Кызарт белдери. Чубалгыларды туташтырып турган түркүкчөлөрдүн эң бийик жерге орнотулганы – деңиз деңгээлинен 3180 метр бийиктикте болду. Негизи, бул ири долбоор кыргыз эли үчүн чоң белек.
Жайдын толук кезинде бул жумушта 1800-2000ге чейин адам иштеди. Анын ичинен 200дөйү өзүбүздүн кыргыз жарандары болду. Ал эми “Кемин” подстанциясын курууда 150дөй киши иштеди. Анын 40тайы биздин өлкөнүн жарандары эле. Азыр подстанциянын диспетчерлик борборунда 2 кыргыз жараны, 2 кытай жараны иштеп жатат. Долбоорду курган кытайлык компания болуп саналат. Бул ири долбоорду бүткөрүүгө 389 млн. 795 миң доллар инвестиция бөлүнгөн. Анын ичинен 321,4 млн. доллары өздөштүрүлдү. Долбоордун башында 2010-жылы келишимге кол коюлганда мындай шарт кошулган: Бишкектин үстүндө “Ала-Арча” деген подстанция бар. Ошол подстанцияга борборубузда электр энергиясы көп колдонулуп жатканына байланыштуу чоң чыңалуу түшүп жаткан. Андыктан, дагы эки подстанция коюу маселеси каралган эле. Алар 2012-жылга чейин эле коюлду.
Кыскасы, 2015-жылдын август айында Кыргызстанда эгемендүүлүккө кошо чоң майрам болот. Кредитти Кытай мамлекети берди. Ал өтө жеңилдетилген шартта “Эксимбанк” тарабынан берилди. 20 жылдык мөөнөттө төлөп бүтүү менен 9 жылдык мөөнөтүнө 2% гана үстөк кошулат.
“Кемин” подстанциясы үзгүлтүксүз иштөөдө
“Кемин” подстанциясынын начальниги Оттукбек Калыев төмөнкүлөргө токтолду:
– “Кемин” подстанциясынын иштеп жатканына өзүңүздөр күбөсүздөр. Бул көмөк чордонуна 7 зым чубалгы кошулуп, туруктуу иштеп жатат. Учурда “Фрунзенское-Кемин”, “Фрунзенское-Чүй” жана “Чүй-Кемин”, “Кемин-1-2” линиялары азыктандыруучу чубалгылар катары аракетте. Азыктандыруучу дегеним – ушул жерден жогоруда айтылган линиялар менен келген электр энергиясы “Кемин” чоң көмөк чордонунда чогултулуп, “Ысык-Көл-1”, “Ысык-Көл-2” жана Нарындын “Ак-Кыя” подстанцияларына кубаттандыруу менен беребиз. “Фрунзенское-Кемин” жогорку кубаттуулуктагы чубалгыларды 21-ноябрда туташтырдык. Андан кийин калган 6 чубалгы линия да өз тартиби менен жумушка киришти. Азыр кыш кирип калгандыгына байланыштуу монтаждоо курулуш иштери токтоп турат. Буюрса, жаз келип, күндүн жылышы менен ал жумуштарда башталат. Өлкөбүздө ушундай ири долбоорлор бүткөрүлүп жатканына кубанып турабыз.
Сөз аягы
“Датка-Кемин” долбоору 2015-жылдын август айында бүтөөрү белгилүү болду. Чынында эле анын мааниси зор. Ал гана турсун, көз карандысыз мамлекет экендигибиздин бир белгиси десек болот. Ошону менен бирге эле азыркы учурда Балыкчы-Жалал-Абад автожолу да курулуп жатат. Кудай буюрса, түндүк менен түштүктү бириктирген темир жолдун курулушу башталаар убак алыс эместир…
Азизбек ЧАМАШЕВ


Leave a Reply