Өлкөбүздүн Бажы биримдигине кирүү мөөнөтү жакындап калды. Тактап айтканда, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишимге КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 23-декабрында кол коё турганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысынын орун басары Сапар Исаковдун россиялык “Внешная политика” аналитикалык агенттикке берген маегинде айтылды. Анын берген маалыматына караганда, ушул жылдын 23-декабрында Москвада Россия, Казакстан, Белоруссиянын президенттери катышкан жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт. Ушуга чейин Кыргызстан “жол картасында” белгиленген бардык документтерди бүтүрүш керек. Ошентип, 23-декабрда келишимге кол коюулар бүткөн соң, Кыргызстандын Бажы биримдигине 2015-жылдын 1-январынан баштап кирүүсү толук бекемделмекчи.

Энергетикалык жактан көз каранды болбойбуз

Белгилүү болгондой, Токтогул ж.б. ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясы Кыргызстандын түндүгүнө Өзбекстан, Казакстан республикаларынын аймагы аркылуу келет. Мындай шарт Союз учурунда түзүлгөн. Кудай буюрса, ушундай кырдаалдан 2015-жылдын август айынын этегинде кутулуп калабыз. Анткени, өлкөбүздө ишке ашып жаткан эл аралык ири долбоорлордон болгон “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы чубалгыларды туташтыруу жумуштары келе жаткан жылдын 30-августунда аяктайт деп пландалып жатат. Учурда бул багыттагы жалпы жумуштардын 80%ы бүтүп калды. Буга чейин түштүктөгү “Датка” подстанциясы бүткөрүлгөнү белгилүү. Ал эми түндүк региондо орун алган “Кемин” подстанциясы 2014-жылдын аягына калбай бүткөрүлө турган болууда. Учурда жогорку чыңалуудагы чубалгыларды тартуучу темир түркүктөрдү орноштуруу иштери кызуу жүрүүдө.

жылуулук Азизбек Чамашев